Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Израилде Нетаньяхунун тагдыры чечилүүдө


Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

17-сентябрда Израилде парламенттик шайлоо өтүп жатат.

Израилде алты айда экинчи жолу өткөрүлүп жаткан парламенттик шайлоодо премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун бийликтеги тагдыры чечилет.

«Ликуд» партиясынын башчысы, 10 жылдан бери бийликте отурган Нетаньяху бул жолу бешинчи кызматтык мөөнөткө калууга аракеттенүүдө. Ал алгач 1996-1999-жылдары премьер-министр болуп, андан соң 2009- жылдан бери алмашылбай келет. Анын атаандашы - мурда Израил армиясынын башкы штабынын жетектеген, «Көк жана ак» деген борборчул партиянын лидери, 60 жаштагы Бенни Ганц.

69 жаштагы Нетаньяху өзүн кыйын кезеңде өлкөнү башкара ала турган көсөм жетекчи катары көрсө, Ганц аны «элди бөлүп-жарган саясатчы» деп айыптады:

«Биз Нетаньяху жалган маалымат таркатып, коркунуч жаратып жатканын көрүп турабыз. Бул адам кабинетинде отуруп алып, сурамжылоо жүргүзүп, калп айтууда. Силер чындыгында ар кандай кагылышты эмес, үмүттүн учкунун, чагымчылдыкты эмес, биримдикти кааласаңар - силерде бир гана тандоо бар. Ал - «Көк жана ак» партиясы».

Бени Ганц.
Бени Ганц.

Анткен менен апрелде өткөн жалпы шайлоодо эки партия тең башкаруучу коалицияны түзө алган эмес. Эми үстөмдүккө жетиш үчүн парламенттеги чакан партияларды өздөрүнө тартуу аракетинде. Бул шайлоодо 29 партия 120 орунга ат салышууда. Коалиция лидери 61 депутаттын колдоосуна ээ болушу керек.

Байкоочулардын баамында, бул жолу башкаруучу коалицияны түзүүдө Израилдин мурдагы коргонуу жана тышкы иштер министри Авигдор Либерман жетектеген ашыкча оңчул «Биздин үй - Израил» партиясы чечүүчү оюнчуга айланмакчы.

Буга чейин араб партияларынын «Бириккен тизме» коалициясынын башчысы Айман Уда Израилдин араб жарандары Нетаньяхуну кайрадан кызматка келтирбеш үчүн добуш беришерин айткан. Израилде арабдар калктын 21 пайызын түзөт. Парламенттеги 120 орунда араб партияларынан 13 өкүл бар. Бирок буга чейин алар башкаруучу коалицияга киришкен эмес. Уда августта палестиналыктар менен тынч сүйлөшүүлөрдү колдоорун айтып, былтыр Израилди жөөттөрдүн «улуттук мамлекети» деп тааныган мыйзам жокко чыгарылса, борборчулдардын коалициясына кошулууга макулдугун билдирген.

Дональд Трамп менен Биньямин Нетаньяху.
Дональд Трамп менен Биньямин Нетаньяху.

АКШнын президенти Дональд Трампты эш туткан Нетаньяху шайлоодо жеңсе, Иордан дарыясынын талаштуу Батыш жээгин Израилдин карамагына өткөрүүгө убада берип келет. 13-сентябрдагы чуулуу билдирүүсүндө да Вашингтондун Израил-Палестина тынчтыгы боюнча планын күтөөрүн ачык айткан.

«Бүгүн өкмөт Иордан дарыясынын жээгинде Мевут Еричо кыштагын негиздөө тууралуу чечим кабыл алат. Акыркы чечимди, албетте, кийинки өкмөт чыгарат», - деди шайлоо күнү Биньямин Нетаньяху.

Израилдин премьер-министринин шайлоо алдындагы мындай убадасын Бириккен Улуттар Уюму «эл аралык укукту одоно бузуу» деп бааласа, Нетаньяхунун бул планын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да сындаган. Ал эми Дональд Трамп саясий өнөктөшү Нетаньяхунун шайлоодо жеңишке жетүүгө «жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар» деп баалады.

Анткен менен саясий байкоочулардын баамында Израилде премьер-министрдин алмашышы ондогон жылдардан бери жер талашып, чатакташып келаткан Израил-Палестина маселесине чекит койбойт. «Көк жана ак» борборчул партиясы да Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги жөөт кыштактарын Израилдин чек арасы катары күчтөндүрөөрүн айтып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG