АКШ араб дүйнөсү менен алакасын оңдоо планын жарыялады

Шейх Ахмед Девидар "Ислам Капитолий дөңүндө-2009" деп аталган жыйында Курандан үзүндү окуп жатат. Вашингтон. АКШ Конгрессинин батыш ныптасындагы аянт. 25-сентябрь 2009

АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон Кошмо Штаттар менен араб өлкөлөрүнүн байланышын бекемдөө планын ачыкка чыгарды.
Планда араб өлкөлөрү менен социалдык-экономикалык кызматташууну жакшыртуу боюнча бир катар долбоорлор сунуш кылынат. Бул президент Барак Обаманын администрациясынын АКШ менен ислам дүйнөсү ортосундагы алаканы жакшыртуу планын бир бөлүгү.

Биз конуштар мыйзамдуу экенине ишенбейбиз. Бул жөнүндө кайра-кайра айтканбыз. Бул жөнүндө израилдиктерге, арабтарга, палестиндерге жана дүйнөгө ачык айтканбыз.Х. Клинтон



АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Араб өнүгүү форумунда сүйлөөдө. Маракеш. 2-ноябрь, 2009
Мамкатчы Хиллари Клинтон шейшемби күнү Марокконун Маракеш шаарында Араб өнүгүү форумунда сүйлөп, Кошмо Штаттар мусулман дүйнөсү менен болгон мамилесин “жаңы нукта” өнүктүрүүгө куштар экенин баса белгиледи.

Жаңыча мамиле, Клинтон айымдын сөзүнчө, ишкерлердин кызматташуусу, экономиканы өнүктүрүү жана билим берүүгө көмөктөшүү программасы аркылуу ишке ашырылат. Бул программа илимий-техникалык кызматташууну, аялдарды коомдук турмушка тартууну жана диндер аралык мамилени жакшыртууну да камтыйт.

Президент Барак Обама июнда Египеттин байтакты Каирде болгон кезде АКШ менен мусулман дүйнөсүнүн мамилесин жаңы нукта баштайм деп сөз берген. Клинтон айым Маракештеги форумда айткан программа Обаманын администрациясынын мусулман өлкөлөрү менен жаңы мамиле түзүү планын бир бөлүгү.

Программа боюнча келерки жылдын башында Вашингтондо мусулман жана америкалык ишкерлери менен лидерлеринин жыйыны өтүүгө тийиш. Долбоордо жеке ишкерликти колдоо, социалдык тейлөөлөрдү жана жергиликтүү башкарууну өнүктүрүү үчүн Йеменге 76 миллион доллар чегерилет. Йемен мусулман дүйнөсүндөгү жарды өлкөлөрдүн катарына кирет.

Экинчи бир долбоорго ылайык, Иордан жаштарын кылмышкерликтен же терроризм жолунан тартууга 30 миллион доллар бөлүнөт.

АКШнын Мамкатчысы айткан долбоордо санариптик технологияны жайылтуучу бейөкмөттүк уюмдарга кеңири көмөктөшүү да каралган.

Хиллари Клинтон Араб өнүгүү форумунун минбарын пайдаланып, Вашингтондун Жакынкы Чыгыш саясатына тактык да киргизип
Израилдик келгин жөөтөрдүн Бней Адам конушунун чет жакасындагы кудуктан суу алууда. Батыш Иордан. 22-сентябрь 2009
кетти. Атап айтканда, Израилдин Батыш Иорданда жөөт конуштарын куруусун Ак Үй колдобой турганын баса көрсөттү:

-Биз конуштар мыйзамдуу экенине ишенбейбиз. Бул жөнүндө кайра-кайра айтканбыз. Муну израилдиктерге, арабдарга, палестиндерге жана дүйнөгө ачык айтканбыз.

Бирок Мамкатчы Клинтон Израилдин палестин автономиясынын аймагында жаңы турак үйлөрдү курууну убактылуу токтотуу сунушу конуштардын кеңейүүсүнө жол бербеген оңдуу кадам экенине көңүл бурду.

Президент Обама мурдараак Израилден жаңы конуштарды курууну биротоло токтотууну талап кылган.

Хиллари айым бир күн мурда Израилдин премьер-министри Нетанияхунун Батыш Иорданда турак жай курулушун убактылуу токтотуу планын жакшы жышаан катары баалаган.