Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Обама Каирде айткан сөздүн ислам дүйнөсүндөгү жаңырыгы


АКШ президенти Барак Обаманын 4-июнда Каирде мусулман дүйнөсүнө жасаган кайрылуусу Мароккодон тартып Индонезияга чейинки өлкөлөрдүн маалымат булактарын көңүл кош калтырбады. Көпчүлүк өлкөлөрдө Обаманын кайрылуусуна “тарыхый” деп баа берилди.

Рабатта президент Обаманын АКШны алгач Марокко тааныды деген сөзү чоң ачылыш болду. Бирок араб гезиттери Обаманын Израил-Палестин жаңжалы, Ирак жана Иранга байланыштуу айткан сөздөрүнө айрыкча көңүл бурду. Жиддада чыкчу “Saudi Gazette” акыркы 10-15-жылда “Обама биринчи жолу АКШнын тышкы саясаты жөнүндө баланстуу сүйлөдү” десе, Лондондо чыкчу “Alquds Alarabi“ гезити

АКШ президенти Барак Обама жана АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Каирдин Султан Хасан мечитинде. 4-июнь.

“АКШ президенти өз кайрылуусунда бир нече өлкөгө жана түрдүү жактарга кайрылды. Ирак согушун сындады” деп жазат.

“АКШ президенти Палестин мамлекетин түзүүнүн жана Иран менен сүйлөшүүнүн зарылдыгын кайра кайталады. Палестин жетекчилиги анын сөзүн “жакшы башталыш” деп баалады. Бирок ХАМАС АКШнын саясатында нукура өзгөрүү болуш керек”, деп билдирди Катардагы “ал- Жазиира” телеканалы.

Бириккен Араб Эмирлигин “Gulf News” 5-июндагы баш макаласын “Обама сөзүн иши менен айкалыштырыш керек” деп атаган. Түркиянын “Today’s Zaman“ гезити “Обама АКШ жана мусулмандарды жаңы мамилеге” чакырганын, ал апрелде Түркияда болгондон бери түркиялыктар арасындагы АКШнын рейтинги эки эсе өскөнүн белгиледи.

CNN Turk телеканалы Израил-Палестин темасына токтолду:

-Обама биз Палестин мамлекетин түзүү талабына аркабызды салбайбыз деди. Ал ошондой эле Израил жетекчилигине (басып алынган жерлерде) жаңы конуштарды курууга алар макул болушпасын айтып, маанилүү белги жөнөттү. Ак Үй узак мезгилден кийин Жакынкы Чыгыш чатагына карата өз мамилесин айкын кылды.

Ирандык басылмалар 4-июнда аятолла Хомейнинин өлгөнүнүн 20 жылдык мааракесине байланыштуу чыккан жок. 5-июнь, жума-дем алыш. Иран өкмөттүк телеканалы Обаманын сөзүнөн эки теманын маңызын чагып берди:

-АКШ президенти өз сөзүндө Исламдын дүйнөлүк цивилизацияны өнүктүрүүдөгү жана Американын мамлекеттүүлүгүн таанууга кошкон салымын ырастады. Барак Обама АКШ жана Ислам дүйнөсү арасындагы ишенбөөчүлүк дубалын алып салуу аракети башталганын белгилөө менен дубал бир түндө кулатылбасын айтты. АКШ президенти Ирандын ядролук энергияга болгон укугун таанып, Иран менен эч бир шарты жок сүйлөшүүгө даярмын деди.

Ирандын араб тилиндеги өкмөттүк “ал-Алам” телеканалы Обаманын сөзүн түз алып көрсөттү.

Пакистандын ири менчик телекомпаниясы- ARY жаңылыктар блогунда президент Обаманын Ооганстан-Пакистан проблемасы жөнүндөгү айткан сөзүнүн маңызын көрармандарга мындай түшүндүрдү:

-Обама Пакистан менен Ооганстандагы проблемаларды согушчандардын жалгыз чечиши мүмкүн эмес деди. Ал Каир унверситетиндеги тарыхый сөзүндө ислам дүйнөдөгү калабаларды басууга тоскоол боло албасын айтты. Ал тирешкенден эмес сүйлөшүү аркылуу дүйнөдөгү абалды жакшыртса болот деди. Ал Жакынкы Чыгыштагы ядролук жарыша куралдануу катастрофа менен аякташы этимал экенин айтты.

Ал эми эң чоң мусулман калктуу Индонезиядагы эң чоң англис тилдүү гезит “Жакарта Пост” президент Обаманын сөзүн толук басты. Деги эле Индонезиянын маалымат булактары Барак Обаманын Индонезиядагы балалыгы, ошондой эле өлкөнүн “диний сабырдуулукка жана жыныстык тең укуктуулукка кошкон салымын” айтка кеткенине жогору баалашты.

XS
SM
MD
LG