Глобалдык кризистин шартында байманалуу жана демократиялу өлкөлөрдө бийликтер жарандарына электр кубатын арзандатып, муздаткыч же машина алганга талон таркатып, дагы башка чараларды көрүп жатат. Ал эми жарды бирок эркиндиктер чектелген мамлекеттерде ансыз да жарыбаган социалдык жыргалчылыктар кыскарып, ошол эле мезгилде саясий куугунтуктоолор күч алып жатат. Бул тууралуу үстүбүздөгү жыл боюнча Эл аралык "Мунапыс" уюму жарыялаган отчетто да айтылат.
400 барактан турган отчет менен тааныштырып жатып, "Мунапыстын" баш директору Айрин Хан экономикалык кысталышта көп өкмөттөр адам укуктарын жана адам өмүрүн коргоп кала албагандыгын сындады.
Ал акыркы жылдары көп өлкөлөр экономикалык жана финансылык көзөмөлдөн такыр эле баш тартып, базар экономикасына ишенип калышканын ашынган жоопкерсиздик катары баалап, жаңыча чараларга мезгил келгендигин мындайча белгиледи:
- Өкмөттөр, бизнес лидерлери, эл аралык каржы институттары адам укуктарын көбүрөөк сыйлап, эл алдында көбүрөөк отчет беришсе. Алардын стратегиясы, финансылык, экономикалык, өнүктүрүү стратегиялары адам укуктарын, экономикалык жана социалдык укуктарды, тамакка, саламаттыкка болгон укуктарды эске алыш керек. Өкмөттөр бул укуктарды камсыздоого милдеттүү.
Хандын айтымында, глобалдык кризистин убагында азык-түлүк, жумуш, таза суу, жер, турак-жай көйгөйлөрү менен катар, теңсиздиктин күч алышы, ксенофобия, репрессиялар да проблемага айланууда:
– Эл аралык "Мунапыс" уюмунда биз жарды-жалчыларга жардам берүү аркылуу, адам укуктары бизди экономикалык кризистен сууруп чыга алат деп ишенебиз. Биз жардылардын укуктарын таанууну, алардын жашоосуна тийешеси болгон маселелерде өкмөттөр жардылардын катышуусуна жол беришин каалар элек.
Отчетко ылайык, Ооганстанда талибдердин зулумдугу өсүп, өкмөт өз көзөмөлүндөгү аймактарда да эң жөнөкөй кызматтарды көрсөтө албай жатат. Иранда сөз эркиндиги бузулууда, Шинжянда уйгур сеператисттерине каршы күрөш жарыялаган кытай бийликтери мусулмандардын диний эркиндиктерин чектеп келет. Тибетте эл системдүү куугунтуктан жапа тартат.
Грузияда өкмөт өткөн жайдагы согушта үй-жайынан айрылган 200 миңдей кишини коргоо үчүн жетиштүү чара көргөнү байкалган жок.
Арменияда, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстанда расмий диний агымдардан сырткаркы диний ишенимдер кысмыкка алынууда. Түркмөнстанда укук коргоочуларга жана журналисттерге каршы репрессиялардын жаңы толкуну башталды. Арменияда жана Азербайжанда оппозициянын аракеттерин чагылдырган маалымат каражаттары куугунтукка кабылды.
Өзбекстанда сөз эркиндиги, чогулуу эркиндиги жаатында жылыштар жокко эсе. Орусияда экстремизмге каршы күрөш боюнча мыйзам бийликтерге сын айткандарга, журналисттер менен укук коргоочуларга каршы колдонулуп жатат.
Кавказ, Евразия аймагында аядар жетиштүү корголбойт. Аялдарды сөз менен кордоо, аларга каршы психологиялык зөөкүрдүктөр, кол салуу, сексуалдык зомбулук, экономикалык көзөмөл, ал тургай өлтүрүп салуу бардык жаш курак жана социалдык топтордо кеңири тараган көрүнүш бойдон кала берүүдө.
Мунапыстын отчетунда жылыштар да айтылат. Мисалы, Өзбекстан коңшуларынын жолуна түшүп, өлүм жазасынан баш тартты. Ошону менен Евразияда бийликтер өз жарандарынын өмүрүн алган өлкөлөрдүн катарында бир гана Беларус калды.