“Социал-демократтардын” үч мүчөсү 28-майга чейин камакта калтырылды

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 2025-жылдын 9-январы.

28-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунда “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксеверге козголгон кылмыш иши боюнча баштапкы соттук угуу өттү.

Бул тууралуу “Социал-демократтардын” мүчөсү Кадырбек Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып, судья үч партиялашын тең 28-майга чейин камакта калтырганын кабарлады. Ишке “жашыруун” делген гриф коюлгандыктан сот жараяндары жабык өтөт.


Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап келишет. Темирлан Султанбеков Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси боюнча бул берене менен шек саналган киши камакка алынбашы керектигин айтып келаткан. Кийин тергөөдө Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча да айып коюлган.

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөлөрү Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишинин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 2024-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BTo)

Дагы караңыз

Айжигитов УКМК төрагасы Ташиевге каршы президентке кайрылганын айттыСеул Түндүк Корея Орусияга дагы 3000 аскерин жөнөткөнүн билдирдиБШК депутат Султанбай Айжигитовдун мандатын алдыМьянмадагы зилзалада кеминде 144 кишинин өмүрү кыйылдыПутин Украинага "эл аралык башкаруу киргизүүнү" сунуштадыТаласта жер титирөөдөн 17 үйдүн дубалдарынан майда жарака кетти