Тармактык комитет депутаттарды шайлоо боюнча жаңы долбоорду жактырды

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны.

18-мартта парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору каралды.

Сунушталган долбоорго ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет. Өлкө боюнча көп мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат. Тиешелүү аймактык шайлоо округунан эң көп сандагы добуш алган үч талапкер жеңүүчү катары таанылат.

Баяндамачы депутат Улан Примов билдиргендей, көп мандаттуу шайлоо округдарына саясий партиялар да талапкерлерин көрсөтө алат жана ал үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 9 миллион сом күрөө төгүшү керек. Бул каражат кийин саясий партияга кайтарылып берилбейт.

“Өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин да каражаты кайтарылып берилбейт. Биз алган маалыматыбыз боюнча Жогорку Кеңешти шайлоодо 2-3 миң жаран катышуу үчүн арызын берет. Борбордук шайлоо комиссиясы алардын ар биринин документин карап, иштеп чыгат. Бирок алардын жарымынан көбү арызын кайтарып алат. Же болбосо саясий соодалашуу. Ким мени менен сүйлөшөт экен дешет. Биз саясий соодалашууну жок кылалы деп ушуну сунуштап жатабыз”, - деди Примов.

Документке ылайык, саясий партиялар бир шайлоо округуна бир гана талапкер сунуштай алат. Шайлоочу бюллетендеги талапкерлердин бирине гана добуш берет. Аялдар үчүн 30 мандат бөлүнөт. Аймактык шайлоо округунда катталган аял талапкерлердин ичинен шайлоочулардын эң көп добушун алганы шайланды деп таанылат.

Депутат Замирбек Мамасыдыков өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин шайлоо күрөөсүнүн 100 миң сомдон 300 миң сомго көбөйтүү сунушун сынга алды. Мындай шартта карапайым жарандар, дарыгерлер, мугалимдер шайлоодо ат салыша албай кала турганын белгиледи.

Долбоордо талапкердин үгүтчүлөрүн 500дөн 1000 адамга чейин көбөйтүү сунушталып жатат. Депутат Мамасыдыков муну “саясий добуш сатып алуу” деп мүнөздөсө, Примов үгүтчүлөрдүн көп болушу шайлоочуларга талапкер тууралуу маалымат жеткирүүдө маанилүү экенин айтты.

Долбоорго ылайык, депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан көп добуш алган кийинки талапкерге мандат берилет.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жаңы мыйзам боюнча айтылып жаткан пикирлерге байланыштуу комментарий берип, долбоор президент менен макулдашылганын айтып, кезексиз шайлоо өтпөй турганын белгилеген.

Президент Садыр Жапаров буга чейин "Кабар" мамлекеттик агенттигине маегинде сунушталган долбоор Кыргызстанга туура келерин белгилеген. (TAb)

Дагы караңыз

Арстан Алайдын өлүмү боюнча сотто күбөлөр суралдыУКМК Бишкек шаардык кеңешинин депутатын кармаганын кабарладыАба ырайы: күн ачык болотӨкмөт башчы, министр кызматына эмгек тажрыйба боюнча талапты өзгөртүү сунушталды