УКМК Бишкек шаардык кеңешинин депутатын кармаганын кабарлады

"Алдамчылык” фактысына байланыштуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалганын атайын кызмат билдирди.

"М.у А. 2024-жылдын октябрында шайлоо компаниясын каржылоо максатында WhatsApp мессенжери аркылуу өзүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы К.Ташиев катары көрсөтүп, алдамчылык жолу менен партиянын мүчөсүнүн 30 000 АКШ долларын ээлеп алган", - деп жазылган билдирүүдө.

Шектүү М.у Анын үйүн тинтүү учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Шектүү М.у Анын үйүн тинтүү учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Бул фактынын негизинде УКМК "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү 17-мартта камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкек шаардык кеңешинин сайтындагы маалыматка ылайык, сөз болуп жаткан депутаттын ысымы Мусагул уулу Амантур. Ал шаардык кеңешке былтыр, ноябрда “Эмгек” партиясынын катарында шайланып келген.

Шектүү тараптын жакындары, партиялаштары, адвокаттары комментарий бере элек.

Аталган партиядан шаардык кеңештен 12 депутат мандат алган. Кеңеште жалпы 51 депутат бар.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн.

Дагы караңыз

Арстан Алайдын өлүмү боюнча сотто күбөлөр суралдыӨкмөт башчы, министр кызматына эмгек тажрыйба боюнча талапты өзгөртүү сунушталдыМинистрлик: Жүлүн булчуң атрофиясы менен ооруган 39 бала бар Эфиопияда Кыргызстандын элчилиги ачылат