Кыргызстанда соңку учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй, Ош облустарында кызамык оорусун жугузгандар көп катталууда. Бул тууралуу 17-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өткөргөн кызамык жана ага каршы эмдөө боюнча жыйында белгилүү болду.
“Бардык аймакта кызамык эпидемиясынын кескин өсүп жатканы байкалат. Өлкөдө өтө кооптуу кырдаал болуп турат. Былтыр бир жыл ичинде алты өлүм катталса, быйыл январь жана февраль айында эле сегиз бала көз жумду. Бул жол берилгис. Ар бир райондук жетекчи кырдаалды өз көзөмөлүнө алышы керек. Биз эмдөө боюнча чараларды күчөтүшүбүз шарт. Сөз биздин балдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү жөнүндө болуп жатат”, - деди Байсалов.
Бул жаатта жер-жерлерде маалыматтык өнөктүктөрдү күчөтүү талабы коюлду.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, быйыл январь-февраль айларында 3739 баладан кызамык оорусу аныкталган. Былтыр ушул мөөнөттө 5 миң 236 учур катталган.
Бишкек шаардык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, былтыр 14 380 адам кызамыкка чалдыкса, алардын 90% эмдөө албагандар экени аныкталган.
СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм да сейрек кездешчү.
Диний ишенимден улам вакцинадан баш тартуу адаты 2012-жылдан тартып башталган. Анын кесепетинен 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылгандар кескин көбөйүп, 17 миңге жеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.
2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандардын саны кескин жогорулап, жылына 2000 бейтап катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.
Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөө тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (TAb)