"Бизде абдан жакшы мүмкүнчүлүк бар". Трамп менен Путин сүйлөшөт

Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен 18-мартта сүйлөшө турганын билдирди. Мунун алдында Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Путин менен “жемиштүү” сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн жана алдыда эки лидердин сүйлөшүүсү да “оң маанайда” болоруна үмүт бардыгын билдирген.

Аткылоолор жана аба соккулары уланып жаткан маалда АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен 18-мартта сүйлөшөрүн билдирди. Бул тууралуу америкалык лидер Флоридадан Вашингтонго бараткан президенттик учактын бортунда туруп журналисттерге айтты.

Дональд Трамп

Дональд Трамп

"Шейшембиде мен Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшөм. Дем алыш күндөрү бир топ иштер аткарылды. Биз бул согушту токтото аларыбызды көргүбүз келет. Балким колубуздан келет, балким колубуздан келбейт. Бирок бизде абдан жакшы мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм”.

Ок атышпоонун шарттары тууралуу суроого Трамп: «Менимче, эки тарап тең, Украина менен Орусия буга чейин көп нерсени талкуулашты. Биз азыртан эле бул тууралуу, айрым активдерди бөлүштүрүү жөнүндө айтып жатабыз”.

Бул маалымат боюнча Кремль азырынча комментарий бере элек.

Дагы караңыз Украина: Путиндин "манипуляциясы", Зеленскийдин реакциясы

Мунун алдында Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен “жемиштүү” сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн жана алдыда эки лидердин сүйлөшүүсү да “оң маанайда” болоруна үмүт артарын билдирди.

Атайын чабармандын пикиринде, Вашингтон менен Москванын позициялары “жакындап калдыжатат”.

Уиткофф Орусия президенти менен бир нече саат сүйлөшкөн жана ал Путин Украинадагы ок атышууну токтотуу зарылдыгы боюнча Трамптын “философиясын кабыл алат” деген таасирде калган.

Анын сөзүнө караганда, жакынкы апталарда бул боюнча кандайдыр бир макулдашуулар болушу мүмкүн.

Ал ортодо орусиялык жогорку даражалуу аткаминер Москва Украинанын НАТОго кирүүсүнө жол берилбесин жана кандай гана болбосун тынчтык келишиминде “нейтралдуу” бойдон калуусун талап кыларын айтты.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко 17-мартта “Известия” гезитине берген маегинде “Биз темирдей коопсуздук кепилдиги бул келишимдин бир бөлүгү болушун талап кылабыз” деди.

Александр Грушко

"Бул кепилдиктердин бир бөлүгү Украинанын бейтарап статусу, НАТО өлкөлөрүнүн аны альянска кабыл алуудан баш тартуусу болушу керек" деди ал.

14-мартта орус президенти Владимир Путин кандай гана келишим болбосун, согуштун “негизги” себептерин чечүүчү узак мөөнөттүү тынчтыкка өбөлгө болушу керектигин айтып, Украинанын НАТОго мүчөлүк маселесин кыйыткандай болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев тынчтык келишимин кабыл алышы үчүн ал Батыш өнөктөштөрүнөн, анын ичинде НАТОго мүчө болуу кепилдигин баса белгилеген.

Владимир Зеленский

«Мен [Украинанын НАТОго мүчөлүгүн] талап кылдым, бирок жооптор кандай болгонун билесиңер», - деп айткан ал өткөн айда.

Өткөн жумада Жиддадагы америка-украин жолугушуусунда Киев Орусия менен 30 күндүк (мөөнөттү узартуу мүмкүнчүлүгү менен кошо) жалпы куралдуу жаңжалды токтотуу тууралуу АКШнын сунушун колдогон.

Путин бул демилгени биротоло четке каккан жок, бирок шартка байланыштуу Москванын "бир катар жагдайлар" бар экенин белгилеген. Учурда тараптар ок атышууну токтотуу боюнча эч кандай келишимге жетише элек жана Украинада согуш уланып жатат. Киев Москваны тынчтык келишимине жана жаңжалды тынч жол менен жөнгө салууга баргысы келбейт деп айыптайт.

Курскидеги кырдаал

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы ишемби күнү Украина аскерлерин Курскидеги негизги шаардан жети айлык көзөмөлдөн кийин чыгарып кеткенин кабарлады. Маалыматка караганда, сөз Курскидеги стратегиялык делген Суджа шаары тууралуу болду.

Калаанын бошотулушу - украин аскерлерин сүрүп чыгарган Орусиянын аскердик операциясынын дагы бир ийгилиги катары сыпатталууда.

Жекшембиде Орусиянын Коргоо министрлиги Курск аймагынын Суджа шаарынан жана Казачья Локня айылынан тургундар эвакуацияланып жаткан видеолорду жарыялады.

Видео качан жана кайсыл жерде тартылганы так көрсөтүлгөн эмес.

Архивдик сүрөт.

15-мартта украин президент Зеленский Украинанын Курскидеги операциясы "өз максатына жеткенин", акыры Орусия Донбасстагы күчтөрүнүн бир бөлүгүн чыгарып кетип, күчүн Курскини бошотууга сала баштаганын айткан. Ал Курск облусундагы саналуу аймакты көзөмөлдөп турганы кабарланган украин күчтөрү "курчоодо калды" деген маалыматты четке какты.

Украин аскерлери былтыр августта Орусиянын аймагына кирип барып, 1300 чарчы чакырым жерди ээлешкен. Киев бул операцияны өз аймагын коргоо максатында жүргүзгөнүн, болочок сүйлөшүүлөрдө көзүр катары колдонгусу келгенин билдирген. Кийинчерээк украин күчтөрү Курскидеги айрым айыл-кыштактардан чегинүүгө аргасыз болгон.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украина: Орусия ок атышууну токтотобу?