Сербияда өкмөткө каршы акцияларга 100 миңден ашык адам катышты

Сербиянын бир катар шаарларында 15-мартта коррупцияга каршы ири нааразылык акциялары өттү. Би-би-си ага жалпысынан 100 миңден ашык адам катышканын жазды. Башкы акция өлкөнүн борбору Белградда парламенттин имаратынын алдында болду.

Студенттер башында турган каршылык акциялары былтыр ноябрдан бери токтобой келет жана ага Нови-Сад шаарындагы кырсык себеп болгон. Анда автобекеттин чатыры кулап, 15 адамдын өмүрү кыйылган. Нааразылык акцияларына кийин окутуучулар, профессорлор жана фермер-дыйкандар дагы кошулган.

Демонстранттар күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып, президент Александр Вучич баштаган өлкө жетекчилигин коррупцияга айыптап, кызматтан кетишин талап кылууда. Жыл башында нааразылык акцияларынан улам өлкөнүн өкмөт башчысы Милош Вучевич кызматынан кеткен.

Бекеттеги кырсыкка байланыштуу 13 киши камалган. Алардын арасында мурдагы курулуш, транспорт жана инфратүзүм министри Горан Весич да бар. Кийин ал бошотулган.

Дагы караңыз

“Ак-Кула” ат майданынын ордуна 60 миң адам үчүн шаарча курулат Трамптын буйругунан кийин Йеменде хусилерге каршы чабуул башталды Украинадагы согушта мерт болгон 98 миңдей орусиялыктын тек-жайы такталды"Кумтөр" экологиялык кырсык болушу мүмкүн деген билдирүүнү четке какты