Кыргызстан Азербайжандын жана Армениянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы Тынчтык келишиминин долбоорунун тексти боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктоо жана ошондой эле мамлекет аралык мамилелерди түзүү жөнүндөгү билдирүүлөрүн кубаттайт. Бул тууралуу 15-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.
Анда расмий Бишкек Азербайжан менен Армениянын ортосундагы алакада тарыхый мааниге ээ боло турган тынчтык келишимин түзүү боюнча тараптардын аракеттерин колдоого алары жазылган.
"Кыргызстан Түштүк Кавказда узак мөөнөттүү тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууну жактайт жана ушуга байланыштуу Азербайжан менен Армениянын ортосундагы мамилелерди жакшыртуу аракеттеринин алгылыктуу мүнөзүн чоң ишеним менен белгилейт" деп жазылган билдирүүдө.
Узап бараткан аптанын башында Азербайжандын тышкы иштер министри тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөр аяктаганын жарыялаган. Азербайжан тараптын билдирүүсүнөн кийин Армения тынчтык келишиминин тексти такталганын ырастады.
Азербайжан 2023-жылы сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган армян улутундагы 100 миңдей киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.
Армения да, Азербайжан да чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан, адам өлүмү менен коштолгон тирешүүнү токтото турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бирок бул процесстин создугушуна бирин бири айыптап келишкен.(ZKo)