Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

"Тартиптин жоктугу". ЕАЭБ эрежеси эмнеге сакталбай жатат?


Темир Сариев. ЕАЭБдин эн белгиси. Коллаж сүрөт.
Темир Сариев. ЕАЭБдин эн белгиси. Коллаж сүрөт.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Орусияда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) негизги талаптары аткарылбай жатканын айтып чыкты. Ал өзү туш болгон окуяны мисал кылып, Кыргызстандын жарандары Орусияга кирүүдө тоскоолдуктарга кабылып жатканын белгиледи.

Буга чейин ЕАЭБдин эрежелери сакталбай жатканына эмгек мигранттары даттанып, убаракерчиликке туш болгон маселени көтөрүп келишкен. Бул жолу Кыргызстандын аталган экономикалык бирикмеге киришин премьер-министр болуп турган кезинде колдоп чыккан мурдагы өкмөт башчынын билдирүүсү кызыгуу жаратты.

Евразия экономикалык биримдигиндеги негизги эрежелерди сактоодо маселе жаралып жатканын Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Москвада 5-мартта уюштурулган бизнес-форумда айтып чыкты.

Орусиянын Соода-өнөр жай палатасында өткөн форум "Кыргызстандын аймактарынын соода-экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясы: каржы жана курулуш тармактарындагы кызматташтык" деген темада уюштурулду.

Сариев кыргыз өкмөтүн 2015-2016-жылы башкарган жана 2015-жылдын 12-августунда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушун "ойлонулган жана стратегиялык чечим" деп атаган.

Москвадагы форумда кыргыз-орус ишкердикти өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланганы маалымдалды. Эки өлкөнүн расмийлери, ишкерлер катышкан иш-чарада Сариев ЕАЭБдин мүчөлөрүнө убада кылынган айрым артыкчылыктар аткарылбай жатканын, мындай кырдаалга өзү да күбө болгонун билдирди:

"Мен бүгүн учуп келдим. Биз контролдук өткөрмө жайда 40 мүнөттөй күтүп калдык. Бул тартиптин жоктугу. Дагы бир жолу айтам, тартиптин жоктугу. Ал жакта Орусия эли үчүн башка, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр үчүн жана үчүнчү мамлекеттер үчүн деп бөлүп өткөрсө болмок. Уюмга ким кирбесе, кезекте күтүп турушсун. Себеби биздин жарандар күн сайын чек арадан өтүп келишет. Акыркы убакта Орусияда такай 425 миң кыргызстандык жашайт. Сезон учурунда 300 миңге жакын адам келет. Элестетсеңер, биз аларга кандай шарт түзүп берип жатабыз. Орусия биздин орус тилин билген, билимдүү жарандарыбызга муктаж. Эң башкысы, аларда Орусияга болгон сүйүү бар. Алар бул жакка келип иштеп, өздөрүнө каражат таап, Орусиянын экономикасына салым кошуп жатышат. А биз чек арада ушундай көйгөй жаратып жатабыз. Бул маселени мамлекеттик деңгээлде карап бересиздер деп үмүттөнөм. Коопсуздук маселеси бар экенин туура түшүнөм. Бирок бөлүп койсок болот деп ойлойм. Биз ал жакта үчүнчү өлкөдөн келгендер менен көп убакыт турбагандай болсок жакшы болот эле".

Кезегинде Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусун жактаган мурдагы премьер-министрдин дооматына орус тарап кандай жооп бергени белгисиз. Бирок экономикалык уюмдун негизги талаптарын аткарууда маселе бар экени буга чейин деле айтылып келген.

Негизи ЕАЭБге мүчө өлкөлөр үчүн ич ара төрт эркиндик каралган. Алар: адамдардын эркин жүрүүсү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн, ошондой эле капиталдын эркин айлануусу.

Бирок Орусияда эмгек миграциясындагы адамдар акыркы 2-3 жылдан бери кеңири жүрө албай калганын айтышат. Алардын бири Жаныбек көзөмөл-өткөрүү жайында адамдар кеминде 1 сааттай кезек күтүп турса, айрым учурда 1-2 күнгө чейин кармап отурушарын билдирди:

"Аэропорт эмес, чек арасынан өтүп жатканда чемодандын ичин ачып, текшерип, 1-2 сааттай кармаган бизди. Ичинде Куран китеп, жайнамаз бар болчу. "Силер экстремисттик уюмдарга байланышыңар жокпу?, намазды канча жылдан бери окуйсуң?, Дааватка чыгасыңбы?" деген суроолорду берет. Шектене турган болсо эч бир себебин айтпай эле айдап ташташат. Ашыкча суроо бербесе, кеминде 1 саат болуп калат чынында эле. Эгер суроо берип, ашыкча бир нерселер чыгып кала турган болсо, көпкө чейин барып калат. Керек болсо 1-2 күн күтүп, анан киргендер дагы болгон. Аларды атайын бир бөлмөгө киргизишет. Ошол жерде күтүп отурушат. Өткөрүшү да мүмкүн, өткөрбөй коюшу да мүмкүн".

Москвадагы "Кыргыз биримдиги" коомунун вице-президенти Чынарбек Базарбаевдин айтымында, ЕАЭБдин алкагында кыргыз жарандарына берилген артыкчылыктар кагаз бетинде эле калып, иш жүзүндө кыргыз эмгек мигранттарынын уюмга кирбеген өлкөлөрдөн келген мигранттардан айырмасы жок болуп калды:

Чынарбек Базарбаев
Чынарбек Базарбаев

"Башка чет өлкөлүк жарандардын арасынан кыргыздарга өтө көп жеңилдиктер болгону сезилчү. Акыркы 1-2 жылда ЕАЭБдин алкагында келишимдин негизинде мыйзамдар иштебей жатканы айдан ачык болуп калды. Бул жерде ЕАЭБдин Кыргызстандан келген мүчөлөрү бар. Алардын иш-аракеттери акыркы учурда байкалбай калды. ЕАЭБдин алкагында адамдар эркин жүрүүгө укугу бар болчу. Азыр андай эркин укук берилбеген Өзбекстандын, Тажикстандын мигрант жарандарынан биздин кыргыз мекендештердин абалында айырма жок болуп калды. Биздин бийлик өкүлдөрүнүн бул маселе боюнча иш алып баратканы карапайым калкка эч кандай сезилбейт".

Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын аткарууда маселе бар экенин кыргыз расмийлери да айтып жүрөт. Соңку жолу Кыргызстадын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев орус депутаттары менен жолукканда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жумушчу жарандары үчүн каралган бардык жеңилдетилген шарттарды сактоо жана камсыз кылуу зарылдыгын белгилеген.

Бир жыл мурунку Москвадагы “Крокус сити” борборундагы теракттан кийин орус бийлиги мигранттарга койгон талабын катаалдата баштагандан бери бул маселенин актуалдуулугу күчөдү.

Орусиядагы мигранттардын укуктарын коргоо жаатында иштеген Эрлан Токтосунов коопсуздук деген негизде өлкөгө киргизилбей жаткан кыргызстандыктар көп экенин айтууда:

Эрлан Токтосунов
Эрлан Токтосунов

"Сакал коюп алса, хижап кийип, оромол тагып алса, телефонунан кандайдыр бир диний роликтер табылса эле ошону негиз катары коюп, кайтарып жиберип жатышат. Колуна билдирүү беришет, бирок эч кандай негиз көрсөтүшпөйт. Орусиянын коопсуздугуна туура келбейт деп ал адамдын өмүр бою кирүүсүнө тыюу салышат. ЕАЭБдин келишимине ылайык, 96-97-98-беренелерде так көрсөтүлгөн, ЕАЭБдин мүчөлөрүнүн жарандары токтоосуз, эч кандай чектөөсүз өткөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп жазылган. Ошондуктан Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында келишим түзгөн. Ошол келишимди азыркы учурда Орусия бир тараптуу одоно бузуп, көпчүлүк учурда негизсиз эле Орусиянын коопсуздугуна байланыштуу деп, биздин жарандардын көбүн аймагына киргизбей койгонун байкап жатабыз".

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү маалымдагандай, Орусияда миграция мыйзамдарын, эрежелерин бузган деп шек саналып "тобокел тобуна" киргизилген кыргызстандыктардын саны өсүп, 83 миңге жетти. Буга чейин реестрге кирип калган миңдеген кыргызстандыктын банк карталары иштебей калганы маалымдалып, айрымдары даттанышкан.

Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү мындай учурлар бар экенин танбаса да, ЕАЭБдин бардык эрежелери иштебей жатат дегенди четке кагышат.

Буга чейин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусияда кыргызстандыктар салыштырмалуу кыйла жеңилдиктер менен иштеп жатканын, мигранттарга карата кабыл алынган эрежелер мыйзам бузгандарга гана тийиштүү болуп жатканын айткан.

Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

"Орусия киргизип жаткан жаңы мыйзамдар ушул өлкөнүн аймагында мыйзамсыз жүргөндөргө гана каршы колдонулат. Эгер биздин жарандар ошол жакка барып каттоого туруп, жумуш таап, иштеген жеринен каттоосун көрсөтө турган болсо, аларга эч ким тийбейт. Бул тараптан биз иш жүргүзүп жатабыз. Ар бир өлкө өз коопсуздугун коргоо үчүн ар кандай шарттарды киргизүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан биздин жарандарга эч кандай тоскоолдук болбойт".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги быйылкы жылдын январына карата 608 088 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөнүн билдирген. Анын ичинен 376 907 жаран Орусияда миграциялык каттоого алынган.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, жарандар биримдик ичиндеги каалаган өлкөдө ээн-эркин жүрүп, товар жүгүртүү, тейлөө кызматтары жана капитал беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз айланарын жарыялаган.

Убагында каршы пикирин билдирген саясатчылар, жарандык активисттер кыргыз өкмөтүн мындай кадамга барбоого, анткени уюм Кремль үчүн аймактагы өлкөлөрдү өз колунда "кармап" туруу механизми гана болорун, эркиндик тууралуу убадалар саясий максатта ар кандай колдонуларын эскертишкен.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG