Украина: Путиндин "манипуляциясы", Зеленскийдин реакциясы

13-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугушканы кабарланды. Анын алдында ал Украина маселесинде "талкуулай турган жагдайлар" бардыгын айткан. Муну украин президенти Владимир Зеленский Путиндин кезектеги "манипуляциясы" деп атаган.

13-марттын кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен сүйлөшкөнү кабарланды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге Орусия Стив Уиткофф аркылуу президент Трампка маалымат жибергенин, Путин Украина боюнча Трамп менен “негизинен макул” экенин, бирок али жасала турган көп иш бардыгын айтканын билдирди.

Орусиялык маалымат каражаттар Уиткоффтун учагы Москвадан жума күнү эртең менен учуп кеткенин жазышты.

Дагы караңыз Путин ок атууну 30 күнгө токтотууга макул, бирок өз "жагдайларын" айтты

Бейшембиде Владимир Путин түз эфирде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Украинадагы согушту, анын ичинде ок атышууну бир айга токтотууга даяр экенин билдирген. Орус президенти ошол эле кезде эки тарап тең эске алчу "жагдайлар" бардыгын кыйыткан. Андай "жагдайларды" атап, бир катар суроолорду койгон:

"Жалпы фронттогу кырдаал кандай чечилет? 30 күн кандай колдонулат? Бул маалда Украина мужбурлап мобилизация кылууну токтотобу? Ал жакка курал-жарак алып келүү үчүн колдонобу? Же мунун баары аткарылбайбы? Анда дагы бир суроо жаралат. Көзөмөл жана текшерүү маселеси кандай чечилет? Мындай эч нерсе болбойт деп кепилдик бере алабызбы? Мунун баары олуттуу суроолор. Согуштук аракеттерди токтотууга ким буйрук берет жана мындай буйруктардын баасы канча?".

Путин Курскиге барганын жана украин армиясы аймактан чегинип баратканын айткан. Ал аймакка кирип алган украин аскерлери обочожо калып, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аткылоосуна туш болгонун, ушундай шартта украин тарап жок дегенде 30 күн элдешүүгө кызыкдар экенин кошумчалаган.

"Менин оюмча,биз америкалык өнөктөштөр менен сүйлөшүшүбүз керек. Балким президент Трампка телефон чалып, талкуулашыбыз керек. Бирок биз идеянын өзүн колдойбуз”, - деп кошумчалаган Путин.

Орусия президенти Трамп менен конкреттүү кандай маселелерди көтөргүсү келгени белгисиз. Кремль убактылуу элдештирүү эмес, согуштун “негизги себептерин” жок кыла турган толук жөнгө салууну каалай турганын бир нече жолу кайталаган.

"Путиндин азыркы позициясы ок атышпоо келишимин четке кагат жана бул Трамптын ачуусун келтирип, эки тараптуу мамилелерди нормалдаштыруунун келечегин жокко чыгара турган ыңгайсыз позиция", - деп эсептейт аналитик жана R. Politikтин негиздөөчүсү Татьяна Становая.

"Ал өзүнүн талаптарын белгилейт. Анын негизги шарты ок атышпоо жаңжалдын түпкү себептери боюнча маңыздуу сүйлөшүүлөргө тепкич болушу керек – Украина Орусия Киевди капитуляцияга алып баруучу жол деп эсептеген "Стамбул плюс" документин талкуулоого макул болушу керек. Путин ошондой эле АКШнын аскерий жардамды токтотуу боюнча милдеттенмесин талап кылууда, ал эми Киев коргонуу линиясын бекемдөөгө же тыныгууну кайра куралдануу үчүн колдонбоого убада бериши керек. Зеленскийдин легитимдүүлүгү да каралышы керек", - деп белгиледи Становая.

Батышка чыгып ктеүүго мажбур болгон, орусиялык оппозиционер Владимир Кара-Мурза социалдык тармактагы баракчасына буларды жазды:

Владимир Кара-Мурза

"Эң башкы себеп - СССР империясынын кулашын «20-кылымдын эң чоң геосаясий катастрофасы» деп эсептеп, өз оппоненттерин «улутчул чыккынчылар», Украинаны «жасалма мамлекет» деп атап, Сталин менен Андроповду кумир туткан Кремлдеги улгайган КГБ офицеринде. Бул «негизги себепти» жок кылмайынча Украинада эле эмес, бүткүл Европада тынчтык болбойт», - деп баса белгиледи ал.

Дагы караңыз АКШ-Украина: Сүйлөшүүлөрдү утурлай Орусия чабуулун күчөттү

Ушул эле күнү кезектеги кайрылуусунда Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия ок атышпоо келишимин кечеңдетүү же такыр болтурбоо үчүн шарт коюп жатканын айтты.

Владимир Зеленский

"Биз азыр фронтто ок атышууну токтотуу идеясына жооп катары Путинден өтө манипуляциялык сөздөрдү уктук. Чынында ал азыр баш тартууну даярдап жатат. Путин, албетте, президент Трампка бул согушту уланткысы келгенин, украиналыктарды өлтүргүсү келерин түз айтуудан коркот. Ошондуктан Москва ок атышууну токтотуу ишке ашпагыдай же мүмкүн болушунча узакка созулбагыдай шарттарды коюп жатат."

Зеленский ошондой эле өз кайрылуусунда Вашингтон ок атышпоо режиминин сакталышына көзөмөл жана текшерүү уюштурууга даяр экенин кошумчалады.

Дагы караңыз Украина ок атышууну токтотууга макул болду, кезек Орусияда


АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия Украинага байланыштуу туура иш кылат деген үмүтүн билдирди.

Дональд Трамп

"Учурда Орусияда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал жакта биздин өкүлдөр Стив Уиткофф жана башкалар бар. Алар абдан олуттуу талкуу жүргүзүп жатышат. Белгилүү болгондой, Украина буга, бүгүнкү болуп жаткан окуяларга, ок атууну толук токтотууга макул болду. Биз Орусия да ошондой кылат деп үмүттөнөбүз”.

Буга чейин Трамп эгер Москва Киев менен келишимге барбаса, АКШ бийлиги "Орусия үчүн кыйраткыч" аракеттерге барарын эскерткен.

Тынчтык келишими шейшембиде Сауд Арабиясында америкалык жана украин делегацияларынын сүйлөшүүлөрүндө жетишилген. Мамлекеттик катчы Марко Рубио АКШ Кремлдин америка-украин келишимине мамилесин талдай турганын айткан.

"Эгер алар макул болсо, биз прогресске жетиштик жана тынчтыкка жетишүү үчүн чыныгы мүмкүнчүлүк бар экенин билебиз. Эгер жок дешсе, алардын дымагы белгилүү болот", - деген Рубио.

Сауд Арабиясында 11-мартта өткөн тогуз сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин Украина АКШнын ок атышууну 30 күнгө токтотуу сунушуна макул болгон.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украина: Орусия ок атышууну токтотобу?