Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Ак үйдөгү кайым айтыш, кол коюлбаган келишим


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШнын президенти Дональд Трамп.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШнын президенти Дональд Трамп.

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамптын маанилүү жолугушуусу Ак үйдө курч кайым айтышуу менен аяктады.

Владимир Зеленский Ак үйдөн мөөнөтүнөн мурда чыгып кетип, ал эми Трамп "ал тынчтыкка даяр болгондо кайтып келе алат" деп билдирди.

Зеленский Трамп Украинадагы сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишимге кол коймок. Бирок ал ишке ашкан жок. Ал тургай жолугушуудан кийинки биргелешкен пресс-конференция да болбой калды. Күтүүсүздөн болгон бул окуя АКШнын Украинага мындан аркы колдоосу тууралуу жаңы суроолорду жаратты.

"Бүгүн Ак үйдө абдан маанилүү жолугушуу болду. Мындай оттун жана басымдын астындагы сүйлөшүүсүз эч качан түшүнүү мүмкүн болбой турган көп нерселерди билдик. Эмоция аркылуу ушундай нерселердин чыкканы жакшы жана мен президент Зеленский эгерде Америка [согушка] катышып турса, тынчтыкка даяр эмес деген тыянакка келдим. Анткени ал биздин катышуубуз ага сүйлөшүүлөрдө чоң артыкчылык берет деп эсептейт. Мен артыкчылык каалабайм, мен ТЫНЧТЫК каалайм. Ал Кошмо Штаттардын ыйык Сүйрү бөлмөсүндө урмат-сый көрсөтпөдү. Ал тынчтыкка даяр болгондо кайтып келе алат», — деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social платформасында.

Зеленскийдин Вашингтондогу чыңалуу коштогон сапары
please wait
  • Auto
  • 240p
  • 360p
  • 480p
  • 720p
  • 1080p

No media source currently available

0:00 1:43 0:00
  • Auto
  • 240p
  • 360p
  • 480p
  • 720p
  • 1080p

Зеленский жолугушууда АКШдан коопсуздук боюнча кепилдиктерди талап кылып, "киши өлтүргүч менен эч кандай компромисс" болбош керек деп билдирди. Ал муну менен Орусиянын президенти Владимир Путинди ишарат кылгандай болду. Трамп болсо Украина мунасага барыш керек экенин жана Киев АКШга колдоосу үчүн ыраазы болуш керек экенин айтты.

"Силер таптакыр ыраазы болгон жоксуңар. Бул жакшы эмес. Бул шартта бизге иш алып баруу кыйыныраак болот. Миллиондогон адамдын өмүрү менен ойноп жатасыңар. Үчүнчү дүйнөлүк согуш менен ойноп жатасыңар. Силерге көп адамдар ойлогондон да көбүрөөк жардам берген өлкөгө сый-урмат менен мамиле кыла алган жоксуңар", – деди Трамп.

Анын Зеленский менен мамилеси 2019-жылдан бери олку-солку болуп келет. Ак үйдө болгон жолугушуунун видеосунда экөө бири-биринин сөзүн бөлүп сүйлөп, айтышып жатканын көрүүгө болот.

Анда Трамп Зеленскийге кайрылып: "Силердин өлкөңөр чоң кыйынчылыкка туш болуп турат. Силер жеңип жаткан жоксуңар... Силердин бул абалдан жакшы чыгуу мүмкүнчүлүгүңөр бизден көз каранды... Силердин колуңарда керектүү карталар жок", – деди.

Сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишимдин айынан экөө буга чейин да бири-биринин дарегине кайчы пикирлерди айтышкан.

Кайым айтышуу баштала электе Зеленский бул келишим Украинанын келечеги үчүн маанилүү кадам болушу мүмкүн экенин айткан. Ал ошондой эле Трамп менен АКШ мындан ары анын өлкөсүнө канчалык жардам бере аларын кеңири талкуулагысы келгенин Ак үйдө журналисттерге билдирген.

Трамп Украина менен келишим "өтө адилеттүү" болорун жана Орусиянын согушту токтотууга "кыйла жакындап калганын" айтты. Бирок ал Украина сөзсүз түрдө мунасага барышы керектигин белгиледи.

Зеленский Трамптын мунаса сунушун четке кагып, АКШнын президентине орус күчтөрү жасаган мыкаачылыктардын сүрөттөрүн көрсөттү.

Украин президентинин Вашингтонго сапарынын дагы бир максаты АКШнын колдоосун бекемдөө жана Орусиянын чабуулуна каршы күрөшүү болгон. Бул сапар Трамптын Ак үйдүн саясатын өзгөртүп, Орусиянын Украинага ачкан согушун токтотуу аракетин көрүп жаткан маалга туш келди.

Президент менен жолугушуудан тышкары Зеленский АКШнын маанилүү мыйзам чыгаруучулары, таасирдүү диний лидерлер жана аналитикалык борборлордун өкүлдөрү менен кездешти. Ал айрыкча Трамптын Республикалык партиясынын ичинде Украинага колдоону бекемдөөгө аракет кылды.

Ак үйгө барардын алдында Зеленский Сенаттын эки партиянын өкүлдөрүнөн турган делегациясы менен жолугушуп, Украинага аскердик жардамды улантууну талкуулады.

Бирок Ак үйдөгү кайым айтышуудан кийин, Зеленскийдин консервативдик Hudson институтунда өткөрүлө турган талкуусу күтүүсүздөн токтотулду. Бул чечимди ким кабыл алганы азырынча белгсиз.

"Кайсы дипломатия?"

Президенттердин кайым айтышуусу журналисттер үчүн жолугушуунун ачык бөлүгү аяктап бара жатканда башталды. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс журналисттердин биринин "Трамптын Путин менен байланыш түзүүсү Европаны тынчсыздандырып жатканы" жөнүндө суроосуна жооп берди.

Вэнс учурунда мурдагы президент Жо Байден Путинге каршы "катуу сүйлөгөнүн", бирок орус президентин токтото албаганын айтты.

"Тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө жол – бул дипломатия менен алектенүү. Американын дипломатияга көңүл бурганы Американы жакшы өлкө кылып турат. Трамп муну жасап жатат",-деди вице-президент.

Зеленский Вэнске жооп кайтарып, 2019-жылы Трамп президент кезде Европанын лидерлеринин катышуусунда Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ок атышууну токтотуу келишимине жетишкенин, бирок Орусия аны бузганын эскертти.

"Ал ок атышууну токтотуу келишимин бузду. Ал биздин адамдарды өлтүрдү. Сиз кайсы дипломатия тууралуу айтып жатасыз? Сиз эмне демекчисиз?", — деди Зеленский.

Вэнс бул сөздөргө ачык кыжырдануу менен жооп кайтарды.

"Сүйрү бөлмөдө отуруп алып, Америка медиасынын алдында бул маселени талашып жатканыңыз биздин сыйлабагандык", — деди ал.

Украинанын президенти Владимир Зеленский, АКШ лидери Дональд Трамп жана АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс.
Украинанын президенти Владимир Зеленский, АКШ лидери Дональд Трамп жана АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс.

Андан кийин Трамп Зеленскийге үнүн көтөрүп, Украина сүйлөшүүлөрдө күчтүү позицияда эмес экенин белгиледи.

Бул эки лидердин акыркы эки жума ичиндеги экинчи тирешүүсү болду.

Буга чейин Трамп согуштун башталышы үчүн Украинаны күнөөлөгөндө, Зеленский аны Орусиянын пропагандасын жайылтып жатат деп айыптаган.

Трамп буга катуу ачууланып, 19-февралда социалдык тармактардагы билдирүүсүндө Зеленскийди "диктатор" деп атап, эгер тез арада тынчтык келишимине макул болбосо, өлкөсүн жоготуп алуу коркунучунда турганын айткан.

Бирок Трамп кийинчерээк бул сөздөрдү жумшартып, Зеленскийдин сапарынын алдында Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен биргелешкен басма сөз жыйынында: "Мен чын эле ошондой дедимби? Муну айтканыма өзүм да ишене албай турам", — деп айткан.

Ошондой эле Трамп Зеленскийге "абдан чоң урмат-сый" менен мамиле кыларын билдирип, украиндердин эр жүрөктүүлүгүнө бар берген.

Сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишим

Бул жолугушуунун негизги максаты – Украинадагы минералдык кендер, анын ичинде сейрек кездешүүчү металлдарды иштетүү боюнча баштапкы келишимге кол коюу эле.

Трамп бул келишим АКШнын акыркы үч жылда Украинага берген жардамын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн түзөрүн жана Украинанын экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөрүн айтып келген.

“Бул чоң экономикалык өнүгүү долбоору сыяктуу. Ошондуктан бул эки өлкө үчүн тең пайдалуу болот”, – деди АКШ президенти.

Анын айтымында, АКШнын Украинадагы минералдык кендерди иштетүүгө катышуусу “автоматтык түрдө коопсуздук кепилдигин камсыздайт, анткени америкалыктар ал жакта болгондо, эч ким ойногусу келбейт”.

Макулдашуунун текстинде АКШ “Украинанын узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотуу үчүн зарыл болгон коопсуздук кепилдигин алуу аракетин колдой турганын” жана “Украинанын туруктуу жана экономикалык жактан гүлдөгөн мамлекет болуп өнүгүүсүнө узак мөөнөттүү каржылык колдоо көрсөтүү милдеттенмелерин” алары жазылган.

Бирок Вашингтон конкреттүү коопсуздук кепилдигин убада кылган эмес.

"Мен коопсуздук кепилдиктерин берүүнү көздөбөйм. Биз Европанын аны кылышын камсыз кылабыз", - деп айткан эле Трамп бул аптанын башында.

Бул жагдай Зеленскийди тынчсыздандырып жаткан. Ал Украина үчүн тынчтык келишими же ок атышууну токтотуу тууралуу кандайдыр бир чечим кабыл алынганда, бул кепилдиктер сөзсүз болушу керек деп эсептейт. Анткени анын эсебинде, 2014-жылдан бери Украинаны бутага алып келген жана өлкөнүн 20 пайызын ээлеп турган Орусия армиясын күчтөндүрүп, кайрадан кол салышы мүмкүн.

Сейрек кездешүүчү минералдар тууралуу англис жана украин тилиндеги келишим төрт барактан турат. Анда 17 баскыч камтылган.

Документке АКШнын каржы министри Скотт Бессент жана Украинанын биринчи вице-премьер-министри Юлия Свириденко кол койгон.

Буга чейин Трамп аны "абдан чоң макулдашуу" деп атап, Вашингтон Украинага берген миллиарддаган долларлык курал-жабдык жана жардамдын бир бөлүгүн "кайра өндүрүп алуу" катары айткан.

Сейрек кездешүүчү минералдар коргонуу технологияларынан баштап, компьютер, уюлдук телефон, электромобил сыяктуу аппараттар үчүн баалуу.

Стармер менен Макрондун Трамп менен жолугушуусу

Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу Европа менен Кошмо Штаттардын ортосунда дипломатиялык активдүүлүк күчөп турган маалда өттү.

Трамп менен 27-февралда Ак үйдө жолугушкан Британиянын премьер-министри Кир Стармер трансатлантикалык мамилени чыңдоого жана Украина боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салууга аракет кылды. Ал АКШ президентин согуш аяктаган учурда Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүүгө чакырды.

Президенттик кызматка бир ай гана мурда киришкен Трамп согушту токтотуу аракетин күчөтүп, ай башында Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн жана көп өтпөй делегациясын Сауд Арабиясына орусиялык өкүлдөр менен жолугушууга жөнөткөн.

Бул кадам АКШнын Орусияга болгон саясатын кескин өзгөрттү жана европалык лидерлердин арасында тынчсызданууну жаратты. Алар Трамп Москва менен Украинага жана Евробиримдикке пайдасыз келишим түзүп алат деп кооптонуп турушат.

Трамп менен жолугушуудан кийин өткөн Ак үйдөгү маалымат жыйынында Стармер Британия Украинанын аймагында тынчтык орнотулса, ал жерге тынчтык күчтөрүн жөнөтүүгө даяр экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

"Улуу Британия тынчтык келишимин колдоо үчүн аскерлерин жана учактарын жөнөтүүгө даяр. Бул биздин өнөктөштөр менен биргеликте иш алып барып, туруктуу тынчтыкты камсыз кылуунун жалгыз жолу," – деди Стармер.

Трамп болсо Европа өлкөлөрүнүн Украинада аскер күчтөрүн жайгаштыруу боюнча өтүнүчүнө ачык жооп берген жок. Бул маселе боюнча аны менен 24-февралда жолуккан Франциянын президенти Эммануэль Макрон да өз оюн билдирген.

Стармердин айтымында, ал Трамп менен Украина "катыша турган" жана "Путиндин кайра кол салуусун алдын ала турган" тынчтык планын талкуулады.

Британ медиасы Стармер АКШдан Европанын тынчтык күчтөрүнө абадан колдоо, чалгындоо, логистика жана байланыш жаатында жардам берүүнү сураганын жазды.

Трамп болсо АКШнын коопсуздук кепилдиктери тууралуу сөз кылууга эрте экенин белгилеп, азырынча ок атышпоо келишими түзүлө электигин эскертти.

Буга чейин Стармер менен жолугушуунун алдында, Трамп Путин тынчтык келишимин бузбайт деп ишенерин билдирип, АКШнын кошумча кепилдиктери зарыл эместигин айткан.

Бирок Европа лидерлери жана Зеленский мындай көз карашты колдобойт. Ак үйдөгү маалымат жыйынында Макрон Путин мурдагы келишимдерди бузганын эскертип, тынчтыкты сактоо үчүн күчтүү кепилдиктер, анын ичинде АКШнын колдоосу зарыл экенин белгилеген.

АКШнын ичиндеги саясий реакция

Ак үй 28-февралдын кечинде билдирүү таратып, украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийин Дональд Трампка да, Жей Ди Вэнске да колдоо сөздөрү айтылып жатканын билдирди жана АКШ өкмөтүнүн, Конгресстин айрым мүчөлөрүнүн пикирлерин жарыялады.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио «Американы буга чейинки бир дагы президент кыла албагандай кайраттуулук менен коргоп чыкканыңыз үчүн сизге, @POTUS, рахмат. Американы биринчи орунга койгонуңуз үчүн рахмат. Америка сиз менен!», - деп жазды.

Трамптын кабинетинин башка да мүчөлөрү, анын арасында Пентагондун башчысы, каржы, ички коопсуздук министрликтеринин башчылары да бирдей позициясын билдиришти. Колдоосун айткандар арасында белгилүү сенаторлор жана Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү да бар.

Республикачы сенатор Линдси Грэм «Президент Трамп менен болуп көрбөгөндөй сыймыктанып жатам, анткени ал америкалыктарга жана бардык дүйнө жүзүнө аны менен тамашалашкан болбой турганын көрсөттү... Ал атышууну токтотууга жетишүүнү каалаган. Ал согушту токтоткусу келет», - деди.

Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүктүн лидери Стив Скализ «Президент Трамп жалпы дүйнөдөгү тынчтык үчүн күрөшүп жатат жана мыкты сүйлөшүү жүргүзүүчү катары Американы биринчи орунга коюуда. Ал Орусияны сүйлөшүүгө отуруп, Украина менен олуттуу жана бекем тынчтык келишимине жетишүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга мажбурлай ала турган жалгыз адам», - деген оюн айтты.

Өкүлдөр палатасынын Республикачылар партиясынан мүчөсү Маржори Тейлор Грин «Президент Трамп жана вице-президент Вэнс Американы дайым биринчи орунга коюшат. Зеленский АКШга сыйлабастык мамиле кылып жаткан учурда аны ордуна коюу - чыныгы америкалык лидерлик кандай болушу керектигинин үлгүсү. Биз, эл, ошондойду көргүбүз келет!», - деп билдирди.

Өкүлдөр палатасынын дагы бир мүчөсү, республикачылардын өкүлү Пэт Хэрриган «Американын приоритеттери баарынан жогору. АКШнын президенти жана вице-президенти Украинанын кызыкчылыгы Американын кызыкчылыгы эместигин түшүнүү керек экенин даана көрсөтүштү. Биз же бир эч кандай отчету жок, же бир так максаты жана тынчтыкты орнотуу боюнча планы жок эле жүздөгөн миллиарддарды короттук. Американы биринчи орунга коюп, бул согушту токтотууга убакыт келип жетти», - деди.

Ал эми айрым америкалык демократ мыйзам чыгаруучулар 28-февралдагы окуя боюнча сын пикирин айтып чыгышты.

Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Хаким Жеффрис атайын билдирүү таратып, «Президент Трамп жана анын администрациясы Американы дүйнөлүк аренада уят кылууну улантып жатышат. Бүгүнкү Ак үйдүн Украинанын президенти менен жолугушуусу өтө жаман болду, ал таш боор диктатор Владимир Путиндин мындан ары да бекемдөөсүнө гана өбөлгө түзөт. Кошмо Штаттар орусиялык агрессияны колдобостон, Путинди тынчытууну улантышы зарыл», - деди. Ал Зеленский жана украин эли үч жылдан бери демократия, эркиндик жана тынчтык тарапта болуп келе жатканын, алардын ийгилиги Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугуна ылайык келерин белгилеп, Украина жеңишке жеткенге чейин аны колдоо керектигин кошумчалады.

Сенатор-демократ Жек Рид Куралдуу күчтөр боюнча комитеттин улуу мүчөсү. Ал дагы атайын билдирүү жасап, «Сүйрү кабинеттеги бүгүнкү окуя саясий буктурма жана америкалык жетекчиликтин уят болуусу. Президент Зеленский жана Украина эли өз өмүрү жана жашоосу үчүн күрөшүүдө. Дональд Трамптан же Жей ди Вэнстен айырмаланып мен Украинага баргам жана Владимир Путин бейкүнөо адамдарга алып келген өлүмдү, кыйроолорду өз көзүм менен көргөм. Украинаны жана биздин союздаштарды кордоо — Путинге оңдой берди кылуу».

«Президент биздин Украина боюнча милдеттенмелерибизден баш тартып жатканын көрүү оңой эмес болууда. Ал жан алгыч диктатор Владимир Путин деген ким экенин түшүнбөй жатат окшойт», - деди Сенаттагы Эл аралык иштер боюнча комитеттеги демократ мүчө Жинн Шахин телеинтервьюсунда.

Сенатта азчылыкты түзгөн демократтардын лидери Чак Шумер «Трамп Кошмо Штаттарды ашынган оңчул, авторитардык, пайдасыз, дүйнөдөгү автократиялар менен бир катардагы олигархия өлкөсүнө айландырууда», - деп белгиледи.

"Силер жалгыз эмессиңер!"

Өз пикирин Европа лидерлери да билдирүүдө. Алар Украинаны толук колдой турганын айтып чыгышты.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармердин өкүлү ал Украинаны бекем колдой турганын, Трамп менен да, Зеленский менен да телефондон сүйлөшкөнүн, Украинанын эгемендикке жана коопсуздукка негизделген бекем тынчтыгына карай жолду табуу үчүн колунан келгендин баарын жасай турганын айтты.

Германиянын канцлери Олаф Шольц: «Эч ким тынчтыкты украин жарандары самап күткөнчөлүк деңгээлде күтүп жаткан жок. Ошондуктан биз баарыбыз ишенимдүү жана адилет тынчтыкка карай жол издеп жатабыз. Украина Германияга жана Европага таяна алат», - деп билдирди.

Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони: «Батышта кандай гана ички келишпестик болбосун, баарыбызды алсыз кылып коёт жана биздин цивилизациянын жок болуп кетишин көргүсү келип тургандардын чыгарына май тамызат. Анын күчүнүн же таасиринин эмес, эң негизги принциптеринин, биринчи кезекте эркиндигинин. Азыр чукул арада АКШ, Европа өлкөлөрү жана алардын союздаштары катыша турган саммит өткөрүп, соңку жылдары биргелешип коргоп келе жаткан Украинаны гана эмес, бизди келечекте кандай коркунучтар күтүп жатканы тууралуу олуттуу суроолорго жооп алышыбыз зарыл», - деген оюн айтты.

«Силер жалгыз эмессиңер», — деди Украинага кайрылып Польшанын премьер-министри Дональд Туск.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусия агрессор экенин, ал эми украиналыктар агрессияга кабылган адамдар экенин белгилеп, «Эң башынан бери кармашып келе жаткандарды урматташыбыз керек», — деп кошумчалады.

Украин тарапты Дания, Испания, Молдова, Канада, Австралия, Нидерланд, Чехия, Латвия, Литва, Эстония өлкөлөрү да колдоп чыгышты.

Орусия соңку окуяны шыктануу менен кабыл алууда. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Зеленскийди "акмак" деп атап, ал "2022-жылы киевдик режим колдоосуз, жалгыз калганын" айтканы "эң чоң калп" болгону тууралуу оюн Телеграмга жазды.

Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев да украин президентин ыплас сөздөр менен атап, аны "жаакка чабуу туура болгонун" айтты.

"Бизге акыйкат жана бекем тынчтык келишими керек"

Зеленский жолугушуу ошондой аяктаганына карабастан Ак үй менен мамилени сактап калса болот деген пикирин билдирди.

Алгач Fox News телеканалынын суроосуна жооп берип жатып ал Трампты урматтай турганын жана мамилени "албетте" жөнгө салса болорун, анткени Украина өнөктөшүнөн айрылууну каалабай турганын айтты.

Ал АКШнын колдоосу болбосо Кремлдин аскердик күчүнө туруштук берүү Украина үчүн оор болорун айтып, Киев орус аскерлери кайрадан басып кирбейт деген коопсуздук кепилдиги болмоюнча Москва менен сүйлөшүүгө барбай турганын белгиледи.

«Украина тынчтыкты каалайт жана бизде тынчтык болот», — деген украин президенти тынчтык «акыйкат жана бекем» болушу керек экенин айтты жана сүйлөшүү жүргүзүү үчүн «биз күчтүү позицияда болушубуз зарыл» деп кошумчалады.

Шерине

XS
SM
MD
LG