УКМК WhatsApp түйүнүндөгү тайпалардын администраторун кармады

Кармалган шектүү.

Кармалган шектүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) WhatsApp мессенжериндеги бир нече тайпалардын администратору (К.М.М.) кармалганын билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып тагылууда.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал WhatsApp түйүнүндө “Элге акыйкат керек”, “Айта берем кайта берем”, “Кыргыз коому”, “Саясат, талкуу ой пикир”, “Кыргызстан аңга баратат”, “Баткенди берүүсүнө каршыбыз! Баткен боюнча азыркы чек ара келишимине эл каршы!” деген тайпалардын администратору болгон.

УКМК ага “бул топтордо өлкөдө коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жолу менен массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырыктарды камтыган чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялаган” деген айып койду.

Андан тышкары 2024-жылы Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү пакистандык, индиялык студенттерге каршы нааразылык акцияда баш аламандыктарды уюштурууга тиешеси бар экенин билдирди. Шектүү соттун чечими менен камакка алынды. Жогоруда сөз болгон WhatsApp топтордун башка администраторлорунун жана активдүү катышуучуларынын аракеттерине бөгөт коюуга багытталган иш-чаралар улантылып жатканы кабарланды.

Шектүүнүн жакындары менен адвокаттары азырынча комментарий бере элек. “Азаттык” алардын да пикирин берүүгө даяр.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн адамдарга иш козголуп соттолгон же камалып чыккан окуялар болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Министрлер кабинети 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча токтомду бекитти“Коопсуз шаар” ишке берилгенден бери 4 млрд сомдон ашык айып пул түштүТүрк тилдүү мамлекеттер уюму кыргыз-тажик чек арасынын такталышын кубаттадыЖогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык автоунаа берилиши мүмкүнЧүйдө ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү табылдыДүйшөмбү–Бишкек каттамындагы учак "Манас" аэропортуна кондуДостук айылынан көчүрүлө турган элге турак жай салуу башталдыЖогорку окуу жайга абитуриент кабыл алуу жол-жобосун өзгөртүү сунушталуудаШыкмаматов курулуш компанияларын, архитектор жана дизайнерлерди салык төлөөдөн качпоого чакырды