Билим берүү жана илим министрлиги жогорку жана кесиптик билим берүүчү жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун жол-жобосун өзгөртүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгечилер киргизилге турган өзгөртүүлөр жогорку кесиптик билим берүү жайларына абитуриент тандоо жана студенттердин катарына кабыл алуу жол-жобосун өркүндөтүүгө жана учурдагы кемчиликтерди жоюуга багытталганын белгилешти.
Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, гранттык комиссиялардын курамынан билим берүү башкармалыктарынын борбордук жана регионалдык органдарынын өкүлдөрү чыгарылат. Бул кызыкчылыктар кагылышы болуу ыктымалдыгын четтетүү максатын көздөйт.
"Алтын тамга" тестирлөөсү жокко чыгарылгандыгына байланыштуу андай сертификаты бар абитуриенттерди конкурстан тышкары кабыл алуу нормасы жоюлат.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн жогорку окуу жайларга кабыл алынуу үчүн тапшырууга тийиш болгон документтердин тизмесине милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси киргизилет.
Маалыматка ылайык, сунушталган долбоор колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле Кыргызстан катышкан эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
2024-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларына 5 турдун жыйынтыгы менен 29 551 абитуриент кабыл алынган.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, мектепти 2023-2024-окуу жылы 11-классты 76 миң 244, 9-классты 127 миң 176 бүтүрүүчү аяктаган.
50 миңден ашык бүтүрүүчү Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) катышкан. ЖРТдагы босого 110 упайдан көп алгандар жалпы тест тапшыруучулардын 66,9% түзгөн. Тестке катышкандардын ичинен 58 окуучу “Алтын сертификат” алган. (ZKo)
Шерине