Түрк тилдүү мамлекеттер уюму кыргыз-тажик чек арасынын такталышын кубаттады

Эмомали Рахмон жана Садыр Жапаров. 13-март, 2025-жыл.

Эмомали Рахмон жана Садыр Жапаров. 13-март, 2025-жыл.

Түрк тилдүү мамлекеттер уюму (ТМУ) Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге кол коюлганын кубаттады.

Билдирүүдө уюм эки өлкөнүн дипломатиялык жол менен жана конструктивдүү диалог аркылуу келишимге жетишкендиктерин жогору баалай турганы айтылат. Бул макулдашуу Борбор Азияда жана анын чегинен тышкары тынчтыкты, туруктуулукту өнүктүрүүгө негиз болору белгиленген.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) да кыргыз-тажик чек арасы чечилгенин колдогон.

13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.

27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун колдогон.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык автоунаа берилиши мүмкүн“Коопсуз шаар” ишке берилгенден бери 4 млрд сомдон ашык айып пул түштүЧүйдө ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү табылдыМосква жана Подмосковье кайрадан дрон чабуулуна кабылганы кабарландыДүйшөмбү–Бишкек каттамындагы учак "Манас" аэропортуна кондуДостук айылынан көчүрүлө турган элге турак жай салуу башталдыЖогорку окуу жайга абитуриент кабыл алуу жол-жобосун өзгөртүү сунушталуудаШыкмаматов курулуш компанияларын, архитектор жана дизайнерлерди салык төлөөдөн качпоого чакырды