Бишкек шаарында жана Чүй облусунда “Коопсуз шаар” долбоору ишке берилген 2019-жылдын 4-мартынан 2025-жылдын 1-мартына чейин жол эрежесин бузгандарга 6 млн 649 миң электрондук токтом чыгарылды. Анын ичинен 5 млн 677 миң токтом боюнча 4 млрд 780 млн 191 миң сом өндүрүлгөн. Калгандары боюнча иш жүрүп жатат.
Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын 14-марттагы жыйынында айтты.
“Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышы менен Бишкек шаарында жол кырсыктары 3,1%, Чүй облусунда 14,2% азайды”, - деди ал.
“Коопсуз шаар-2” долбоорун ишке ашыруу укугун алган Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компания жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.
Бул долбоор пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын 2022-жылы сотко берген.
Октябрь Урмамбетов аппараттар орнотулганы менен ал ишке бериле электигин, себеби сот иштери дагы деле бүтпөй жатканын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы сентябрь айында “Коопсуз шаар” долбоорун ИИМге өткөрүп берген. (BTo)