14-март күнү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан учуп келген Дүйшөмбү–Бишкек каттамындагы жүргүнчү учагы Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна конду. Учак Тажикстандын "Сомон эйр" авиа компаниясына таандык.
Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, каттам Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын жандантуу тууралуу 13-мартта кол койгон келишиминин негизинде жүргүзүлдү.
Дүйшөмбү–Бишкек–Дүйшөмбү багытындагы авиа каттамдар 14-марттан тарта эле жанданарын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 13-мартта Бишкектеги мамлекеттик сапары учурунда документтерге кол коюлгандан кийин билдирген.
"Биздин өлкөлөр аралык авиакаттамдарды жана автобустардын каттамын жандантуу тууралуу келишимге жетиштик. Эртең эле (14-мартта - ред.) Бишкек–Дүйшөмбү жана Дүйшөмбү–Бишкек аба каттамдарын жандантуунун биринчи күнү болот", -деген Эмомали Рахмон.
13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон.
Андан тышкары айыл чарба, экономика жана маданий-гуманитардык жаатта кызматташуу тууралуу документтерге эки өлкөнүн тиешелүү жетекчилери кол коюшту.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айында чек арада болгон кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Мындан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. (ZKo)