Баткен шаарында 2008-жылы туулган М.Ч. жана А.Д. аттуу эки өспүрүм 8-февраль күнү таңкы саат 6:00 чамасында чырдашып, А. Д. аттуу өспүрүм теңтушунун көкүрөгүнүн сол жагына аш бычак менен сайып жиберген. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) 14-февралда билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, натыйжада жараат алган бала ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө кабыл алынган.
Милиция билдиргендей, чатак 8-февралга караган түнү саат 00:30 чамасында башталган, пикир келишпестиктен улам уруша кеткен балдар үйүнө тарап кетишкен.
Бул окуяны Баткен ШИИБи Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен бирдиктүү реестрге каттап, тийиштүү экспертизаларды дайындаган. Учурда тергөө жүрүп жатканы, анын жыйынтыгына жараша укуктук баа берилери кабарланды.
Теңтушуна бычак шилтеген өспүрүмдүн бөгөт чарасын Баткен райондук сотунун тергөө судьясы 8-февралда карап, ал ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүлүп берилген.
Милициянын белгилешинче, бул эки өспүрүм мектеп окуучулары эмес, алар 9-классты аяктагандан кийин мектептен чыгып кетишкен.
Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар акыркы убакта арбын катталды.
22-январда Чүй облусунун Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан өзүнө келбей, 25-январда ооруканада каза болду.
21-январда Бишкектеги №72 мектептин дааратканасында сабалганы айтылган 8-класстын окуучусу 4-февралда ооруканада көз жумду.
12-февралда Кара-Суу районундагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин 9 жана 11-классынын окуучулары чатакташып, 9-класста окуган өспүрүм каза тапты.
Билим берүү министрлиги бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.
ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Алардын жакындары балдары мектептеги чоңсунуудан улам суицидге барганын айтышса, милиция аны төгүндөгөн.(JsA/ZKo)
Дагы караңыз
Социал-демократтар партиясынын дагы бир мүчөсү кармалдыСот Фейсбук колдонуучусу Маратбек уулун коюлган айып боюнча актады“Унаанын” мурдагы директору Жокоевдин иши Октябрь райондук сотунда каралууда"Эндоскопия рак шишигин эрте аныктайт"Акыркы эки жылда сегиз судья кылмыш жоопкерчилигине тартылды