14-февралда Кант шаардык соту Мирланбек Маратбек уулун Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) менен күнөөсүз деп таап, толук актады. Бул тууралуу “Азаттыкка” ал өзү билдирди.
2024-жылы 15-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган постторду жазган Мирланбек Маратбек уулунун Чүй облусундагы үйүн тинтүүгө алган.
Облустук милициянын басма сөз кызматы анын Чүй облусундагы үйүн тинтүү Каракол шаардык сотунун токтомунун жана козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында болгонун, Мирланбек Маратбек уулунун бийликке айткан сын-пикирине тиешеси жок экенин билдирген.
Ал мыйзамга каршы эч кандай иш кылбаганын жана үйүндө тыюу салынган буюм-тайым, материалдар жок экенин айткан.
Мирланбек Маратбек уулу Фейсбукта бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келчү. Былтыр 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко өзгөртүлгөн желекке байланыштуу макулдашылбай илинген туу боюнча күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылып, прокуратурага бир нече жолу арыз жазган.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун адамды аныктаган. (BTo)
Шерине