Кыргызстанда 2023-жылы Судьялар кеңеши башкы прокурордун сунуштарынын негизинде мурда иштеп кеткен жана кызмат ордунда турган алты судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берип, үч судья жоопкерчиликке тартылган. Андан тышкары сегиз судья жумуштан алынган.
Судьялар кеңеши 2024-жылы 9 судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берип, алардын бешөөнө жаза чегерилген.
Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев соттордун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйынында айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев судьяларды мыйзамдуу, негиздүү жана адилет чечим чыгарууга, коррупцияга малынбай, таза болууга чакырды.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. Коррупциялык кылмыш жасагандар айып пул төлөп жазадан кутула албайт. (BTo)
Шерине