Футбол: Кыргызстандын жаштар курамасы Австралияга 1:5 эсебинде утулду

Футбол боюнча Кыргызстан менен Австралиянын жаштар курамасынын беттеши.

12-февралда Кыргызстандын футбол боюнча U-20 жаштар курамасы Азия кубогунун алгачкы беттешинде Австралияга 5:1 эсебинде утулду. Оюн Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы Baoan Sports Centre Stadium стадионунда өттү.

Жаштар арасындагы Азия кубогу 12-февралдан 1-мартка чейин Шэньчжэнь шаарында болот. Ага баш-аягы 16 курама команда катышат.

Кыргызстандын футболчулары А тайпасында Австралия, Кытай жана Катар менен жайгашкан. Б тайпасында Иордания, Ирак, Түндүк Корея жана Сауд Аравиясы, С тайпасында Индонезия, Иран, Йемен жана Өзбекстан, Д тайпасында Сирия, Таиланд, Түштүк Корея жана Жапония бар.

Турнирдин жарым финалына чыккан төрт команда 2025-жылы 27-сентябрдан 19-октябрга чейин Чилиде өтө турган жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатына жолдомо алат.

Кыргызстандын жаштар курамасы эми 15-февралда Кытай, 18-февралда Катар менен ойнойт. (BTo)

Дагы караңыз

Иликтөөчү журналисттерге Улан Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылдыКазакстандык депутат "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам кабыл алууну сунуш кылды Кардиохирургия институтундагы бейтаптар башка ооруканаларга жайгаштырылатАрмян парламенти ЕБге кирүү жараяны боюнча долбоорду биринчи окууда жактырдыКыргызстанда армян, абхаз номурлуу 900дөй машине айып жайда туратБөрүбаев кыргыз-тажик чек арасын тактоо иши тууралуу комментарий бердиЗеленский Курск облусунун бир бөлүгүн украин жерине айырбаштоону жокко чыгарбайтДепутат Бекешев Орусияда кыргыз мигранттарынын укугу бузулуп жатканын айтты