Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Мамлекеттик бажы кызматынын айыптуу автоунааларды токтотуучу жайында Армения менен Абхазиядан келген 900дөй машине бар экенин билдирди.
Ал Жогорку Кеңештин 12-февралында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери армян, абхаз номурлуу автоунааларды токтотуп гана берерин, алардын документин Бажы кызматы текшерип, чечим кабыл алып жатканын айтты.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди делген Абхазиянын, Армениянын номуру менен жүргөн автоунааларга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, Министрлер кабинети мындай машинелерди каттоонун жол-жобосун иштеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алат жана алты айдын ичинде ишке ашырат.
Документке ылайык, биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Андан тышкары документи жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Бул иш-чара 1-марттан башталары айтылган.
Экономика жана коммерция министрлиги бул жарлыкты ишке ашыруу үчүн жумуш тобун түзүп, иш алып барып жатканын 23-январда маалымдаган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин 2024-жылы 11-декабрда парламентте билдирген. Анын сөзүнө караганда, көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген, 15 миңдей машиненин 90% документи жок.
Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааны ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер кирип жатат.
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алынып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБ аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаалар Кыргызстанда катталбайт. (BTo)
Шерине