Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Армян парламенти ЕБге кирүү жараяны боюнча долбоорду биринчи окууда жактырды


Еврошаркетке кошулуу боюнча демилге тобунун өкүлү Артак Зейналян парламенттеги талкуу маалында. Ереван. 11-февраль, 2025-жыл
Еврошаркетке кошулуу боюнча демилге тобунун өкүлү Артак Зейналян парламенттеги талкуу маалында. Ереван. 11-февраль, 2025-жыл

Армениянын Улуттук ассамблеясы (парламент) Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул тууралуу Armenpress кабар агенттиги маалымдады. Долбоорду 63 депутат колдоп, жетөө каршы добуш берди.

Парламент документти 11-февралда талкуулай баштаган. Демилге "ЕвроРеферендум" жарандык кыймыл тарабынан көтөрүлгөн. Сунушту парламентке киргизүү үчүн 50 миң кол зарыл болсо, алар 60 миң кол чогулткан.

Быйыл 9-январда Армениянын өкмөтү Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Кабинеттин жыйынында премьер-министр Никол Пашинян өлкөнүн биримдикке кошулуусу элдик референдумда гана чечилүүгө тийиш, ага чейин "жол картасы" иштелип чыгышы керек деп айткан.

Долбоордо "Армения Евробиримдикке мүчөлүк боюнча жараянды баштаганын жарыялай" турганы айтылат.

2023-жылы октябрда Европарламентте сүйлөгөндө, Пашинян блокко кирүү ыктымалдыгы активдүү талкууланып жатканын билдирген. Бир нече айдан кийин Европарламент Еревандын Брюссел менен кызматташуусун колдоого чакырган резолюция кабыл алган.

Армения Кыргызстан да мүчө болгон, Орусия үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирет.

Еревандын чечиминен кийин Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков бир эле убакта Евразия Экономикалык Биримдигине жана Еврошаркетке мүчө болуу мүмкүн эмес, анткени нормалар эки башка деп билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG