12-февралда 2024-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү үчүн Улан Эгизбаев атындагы VII сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды.
1-орунду Exclusive.kg редакциясынын “Борбор Азиядагы эң чоң майнинг-ферма”, 2-орунду T-media порталынын “Корук аймакка конуш салган аткаминерлер” жана 3-орунду “МедиаХаб” редакциясынын “Ботаника багындагы каргаша. Боздогон ата-энелер” аттуу материалдары алды.
“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Улан Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган. Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылуучу сыйлык жыл сайын Улан Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.
Негизги талаптар – материалдын актуалдуулугу, журналисттик иликтөө темасынын масштабы, иликтөөнүн конкреттүү жагдайдын жакшырышына тийгизген таасири, кесиптик деңгээл жана атуулдук кадыр-барк. Сыйлык фонду 100 миң сом.
Чыгаан журналист Улан Эгизбаев 1990-жылы Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылдан бери “Азаттыкта” эмгектенип, “Бажыдагы миллиондор”, “Көрүстөндөгү корррупция”, “Саясатташкан сауналар” жана башка бир катар коомчулукта чоң талкуу жараткан журналисттик иликтөөлөрдү тарткан.
Ал 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.
Дагы караңыз
Казакстандык депутат "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам кабыл алууну сунуш кылды Кардиохирургия институтундагы бейтаптар башка ооруканаларга жайгаштырылатАрмян парламенти ЕБге кирүү жараяны боюнча долбоорду биринчи окууда жактырдыКыргызстанда армян, абхаз номурлуу 900дөй машине айып жайда туратБөрүбаев кыргыз-тажик чек арасын тактоо иши тууралуу комментарий бердиЗеленский Курск облусунун бир бөлүгүн украин жерине айырбаштоону жокко чыгарбайтДепутат Бекешев Орусияда кыргыз мигранттарынын укугу бузулуп жатканын айтты