Түркияда жасалма арактан көз жумгандар саны 22ге жетти

Cтамбул шаары

Cтамбул шаары

Түркиянын Стамбул шаарында жасалма алкоголдук ичимдиктен каза болгондор соңку үч күндө 22 кишиге жетти. Түрк басылмалары Стамбул шаарынын администрациясына шилтеме берип жазганына караганда, көз жумгандардын 11и чет элдик жарандар экени аныкталды.

Каза болгондордун жетөө түркмөн, алтоо өзбек улутундагы мигранттар. Учурда дагы 60тан ашуун киши ооруканада дарыланууда. Стамбул шаарынын губернаторлугунун 15-январдагы билдирүүсүнө караганда, 13-январдан бери шаарда 66 киши жасалма алкоголдук ичимдикке ууланды.

"Уулангандардын 22си каза болду (11и чет элдик), 16 бейтаптын (бешөө чет элдик) абалы оор. Дагы беш бейтаптын абалы туруктуу. Үч киши дарыланып бүткөндөн кийин ооруканадан чыкты", — деп айтылды маалыматта.

Өзбекстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу Телеграм баракчасына жасалма арактан каза болгон өзбекстандыктардын саны алтыга жеткенин билдирди. 14-январда жарыяланган билдирүүдө "Алардын бешөө эркек, бирөө аял" экени айтылат.

Түркмөнстандын Түркиядагы элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу бул окуялар боюнча азырынча эч кандай билдирүү тарата элек.

Колдо жасалган арактан уулануу окуясынан кийин аймактык полиция кеңири масштабдуу иликтөө баштаганы кабарланды.

Өзбекстандын Башкы консулдугунун маалыматында "окуяга катыштыгы бар деген шек менен эки түркмөнстандык кармалганы, аларга кылмыш иши козголгону" айтылды. Өзбек дипломаттары Түркиядагы өзбектерди алкогол ичимдиктерин ичүүдөн этият болууга чакырды.

14-январда түрк маалымат булактары Стамбул шаарында жасалма арака ууланып каза болгондордун арасында үч түркмөнстандык мигрант да бар экенин жазды. Калаанын Башакшехир районунда полиция тыкыр иликтөө жүргүзгөнү, анда колго спирттик ичимдик жасап саткан түркмөнстандык эки жаран кармалганы кабарланды.

Алар жашаган жайды тинтүүдө 50 литр жасалма спирттик ичимдик конфискацияланганы айтылды.

Түркияда түркмөнстандык мигранттар ууланып каза болгон окуялар буга чейин да катталган. 2020-жылы Стамбулда 58 түркмөн жасалма алкогол ичимдикке жапырт ууланган. Анда түрк маалымат каражаттары кабарлагандай, түркмөн мигранттарынын көбү коронавирустан коргонуу үчүн колго жасалган арак ичишкен. Түркмөн активисттери Түркияда арактан ууланып өлгөндөрдүн сөөгү мекенине жетпей, ошол жакта жерге берилгенин билдиришкен.

Дагы караңыз

Түркия: муздаткычтан төрт түркмөн мигранттын сөөгү табылды

"63 ишкана жабылды"

14-январдын кечинде Стамбулда жалпысынан 38 адам жасалма алкогол ичимдик ичип ууланганы кабарланган. Алардын 26сы чет элдик жарандар, калганы түркиялыктар. Ооруканага түшкөндөрдүн 19у көз жумган.

15-январга караган түнү Стамбул шаарынын губернатору Давут Гүл жасалма арак саткан дүкөндөр аныкталганын, жалпысынан 63 ишкананын лицензиясы токтотулганын Х баракчасына жазды.

"Жасалма алкогол ичимдиктерди саткан 63 ишкананын лицензиясы жокко чыгарылып, жабылды. Жасалма/контрабандалык алкогол ичимдиктерди сатуу менен өлүмгө себепкер болгондордун баары аныкталып, жоопко тартылат", - деп жазды Гүл.

Шаар бийлигинин билдирүүсүндө Стамбулда 2024-жылы жасалма алкогол ичимдиктерден 110 киши ууланганы, алардын 48и каза болгону белгиленди.

9-январда Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая өлкө боюнча жыл башында бир жумада эле 50 миң литр жасалма ичимдик конфискацияланганын Х баракчасына жазды.

"81 облуста жасалма алкогол өндүргөндөргө каршы жүргүзүлгөн "ЧЕНГЕЛ-16" операциясында 50 105 литр жасалма жана этил спирти табылды. Жасалма алкогол ичимдиктерди жасап жүргөн 46 шектүү кармалды", - деп жазды түрк аткаминер.

Бир жылда 4 миллион литр мыйзамсыз алкогол конфискацияланган

Ал эми "Өкмөттүн ичимдик саясатына мониторинг жүргүзүү" платформасынын маалыматына ылайык, 2024-жылы жүргүзүлгөн атайын oперацияларда 4 миллион 264 миң литр контрафакт жана контрабандалык алкогол продукция табылган. Анда жасалма жана мыйзамсыз сатылган спирт ичимдиктерин ичкен 47 адам каза болгону белгиленет.

Түркиянын оппозициячыл CHP партиясынын депутаты Жумхур Узун жергиликтүү "Анка" агенттигине курган маегинде жасалма аракка ууланып каза болгондордун көбөйүшүнө өлкөдө спирттик ичимдиктин кымбаттыгы себеп экенин айткан.

"Сандар көрсөтүп тургандай, жасалма алкоголдун баасы дээрлик үч эсе кымбаттады, мындан улам калктын саламаттыгы коркунучта. Себебин изилдегенибизде эки өңүтү бар экенин көрдүк. Биринчиден, элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн кескин төмөндөшү. Экинчиден, алкогол ичимдиктерге салынган салык 300% ашкандыктан баа жогорулады", - дейт депутат.

Жыл башынан бери Түркияда спиртке ууланып каза болгондор жөнүндө утур-утур кабарланып жатат. Расмий Анкара буга тыкыр көз салып, текшерүүлөр күчөгөнүн кабарлаганы менен, серепчилер спирт ичимдиктерди "колдо" саткандардын саны жыл сайын көбөйгөнүн белгилешет.

Стамбулдагы Каракой районундагы ресторан. 23-март, 2024-жыл.

Белгилей кетсек, 2024-жылы Түркияда алкогол ичимдиктерге салынган салыктын көлөмү 32% түзгөн. Учурда Түркияда эң арзан импорттолгон 70 мл бир бөтөлкө арактын баасы 491 лира (1210 сом).

Түркиянын статистика комитетинин 2019-жылдагы маалыматында бул өлкөдө 15 жаштан жогору курактагылардын дээрлик 15% алкогол иче турганы айтылган. 2022-жылы бул көрсөткүч 12% болгон.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2018-жылдагы маалыматына ылайык, Түркияда бир жылда киши башына 1,4 литр алкогол ичимдик туура келет. Ал эми Францияда 12,33, Германияда 12,91, Орусияда 11,19 жана АКШда 9,87 литр деп эсептелген. Деген менен Статистика комитетинин 2019-жылдагы маалыматына ылайык, Түркия калкынын 74,4% өмүрүндө бир да жолу спирт ичимдигин татып көргөн эмес.