"Система" Стамбулдан Барселонага чейин тараган ортомчу компаниялардын бул татаал тармагы кантип иштегенин түшүндүрүп берет.
Орусиянын президенти Владимир Путин "Санкциялар Орусия үчүн пайдалуу" деген пикирин бир нече жылдан бери тынбай айтып келет. Чындыгында Орусия Украинага басып киргенден кийин киргизилген чектөөлөргө карабай, айрым миллиардерлердин байлыгы артты.
Алардын бири Урал тоо-металлургиялык компаниясынын мурдагы башкы директору жана тең негиздөөчүсү Андрей Козицын.
2022-жылы Forbes анын байлыгын 1,9 миллиард доллар деп бааласа, 2024-жылы анын капиталы 4,4 миллиард долларга өскөн.
Козицын эки жыл бою европалык санкциялардын басымы астында болгон. Евробиримдик Козицынды орусиялык алдыңкы бизнесмендердин бири катары санкциялар тизмесине киргизгенин түшүндүргөн. Башкача айтканда, анын ишмердүүлүгү Крымдын аннексияланышы жана Украинанын туруксуздугу үчүн жооптуу болгон Орусия Федерациясынын өкмөтүнө олуттуу киреше алып келген экономиканын тармактарына негизделген. Козицындын бизнеси аскердик өндүрүш менен тыгыз байланышта. Урал тоо-металлургиялык компаниясынын ишканалары жардыруучу заттарды жана аскердик техниканы оңдоо үчүн тетиктерди жеткирип турган.
Козицын санкциялар тизмесине кирбеш үчүн бир топ аракет көргөн. 2022-жылдын 19-июлунда ал металлургиялык компаниянын башкы директорлук кызматынан кеткенине карабастан, эки күндөн кийин эле Евробиримдиктин санкциялар тизмесине киргизилген.
Орусия Украинага толук масштабдуу басып киргенде бизнесмен шашылыш түрдө ал ээлик кылган мүлктөрүн кагаз жүзүндө башка адамдарга каттай баштаган. Маселен, «Тактика» компаниясын өзүнүн орун басары Сергей Ратмановго өткөрүп берген. Бул компанияга 2012-жылы Дзержинск шаарында түзүлгөн «Мелситек» аталышындагы дагы бир ишкана катталган.
«Мелситектин» акциялары расмий сатылганына карабастан, Козицын анын ишине дагы деле аралашып келет. "Система" иликтеп чыккан финансылык документтерге ылайык, 2023-жылы эле бизнесмен аталган ишканага 385 миллион рублдан (4,5 миллион доллар) ашык акча которгон. Анын ичинен Урал тоо-металлургиялык компаниясы менен тыгыз байланышта болгон ишкана аркылуу 333 миллион рубль (3,9 миллион доллар) жана жеке 52 миллион (613 миң доллар) которуу болгон.
Эмне үчүн бул компания миллиардер үчүн маанилүү болгон?
Эгер «Мелситек» компаниясынын сайтына кире турган болсок, чач алуу же фигураны коррекциялоо үчүн көптөгөн аппараттардын сүрөттөрүн учуратасыз. Бул компания өзүн медицина жана косметология үчүн лазердик системаларды иштеп чыгуучу ишкана катары көрсөтөт.
Компаниянын веб-сайтында муну менен катар өнөр жайда колдонулчу лазердик системалар иштелип чыгаары учкай гана белгиленет. Бирок анын техникалык директору Анатолий Степановдун айтымында, компания машина курууда колдонулчу шаймандарды да иштеп чыгат.
Анткен менен "Мелситек" миллиардерге чач алчу жабдыктар үчүн эле маанилүү эмес. "Мелситек" менен байланышы бар компаниялар "өлкөнүн өнөр жай потенциалына салым кошкон же кош максатта колдонулуучу" Европа Биримдиги тарабынан тыюу салынган товарларды Орусияга импорттоого жардам берет.
Көмүскө иштеген ишкана
Влтава дарыясынын жээгиндеги чакан Кралупы шаарынын өнөр жай аймагы Прагадан жарым сааттык аралыкта жайгашкан. Бул тосмонун артындагы заводдун аймагында жапыз имарат бар. Анчейин заманбап эмес имараттын тышындагы күзөтчү отурган жерде А4 форматындагы кагазга компаниянын логотиби чыгарылып, илинген экен. Заводдун аймагынан орусча сүйлөгөн үндөрдү угууга болот.
Бул чехиялык Astrum LT компаниясынын имараты. Ишкана 2022-жылдан бери гана чехиялык болуп калды. Ага дейре Astrum LT биз буга чейин сөз кылган орусиялык «Мелситек» компаниясынын карамагында болуп, Орусияга товар экспорттоп турган.
Кызыгы, Astrum "Мелситек" компаниясы сыяктуу эле өзүн лазердик системалардын өндүрүүчүсү катары көрсөтүп, "жарым өткөргүч технологиясына негизделген лазердик системалардын толук линиясын чыгара баштаган компаниялардын катарына кирет" деп жазган.
Орусия Украинаны басып киргенден кийин компания Орусияга продукцияларды жеткирүү үчүн чехиялык юридикалык жакты колдонууну дээрлик токтотуп, кагаз жүзүндө батыш компаниясына айланган.
Бирок аны дагы деле орусиялык "Мелситек" компаниясынын жетекчиси Дмитрий Степанов жетектейт. Astrum LT "Системага" берген комментарийинде "компаниянын кадрдык саясаты кесиптик чеберчиликке, ар түрдүү маданияттуулукка негизделип, дискриминацияга жол берилбестигин" билдирген.
Европалык деп белгиленип жана дүйнө жүзү боюнча кардарлардын кеңири тизмесине карабастан, Astrum Орусияга санкцияланган жабдууларды жеткирүү схемасынын бир бутагына айланган. 2022-жылы кагаз жүзүндө компаниянын ээси катары LAWPHORUM юридикалык фирмасынын негиздөөчүсү, чех жараны Константин Лаврушин көрсөтүлгөн.
Лаврушин орусиялык ишкер Козицындын компаниялары менен 2019-жылдан баштап иштей баштаган. Дал ушул Константин Лаврушинге Москва менен Нижний Новгороддогу "Мелситек" косметологиялык клиникаларына ээлик кылган чехиялык Semiconductor Lasers Holding жана Semiconductor Lasers Company компаниялары катталган.
Лаврушин Чехияда бизнес баштап, туруктуу жашаганы менен анын Орусияга тыгыз байланышын социалдык тармактагы сүрөттөрү далил болчудай. 39 жаштагы юристтин Instagram баракчасынан орусиялык СКА хоккей клубунун эмблемалары түшүрүлгөн сүрөттөрдү, Москва менен Санкт-Петербургдун пейзаждары, атүгүл Крымдын аннексиясынын урматына сатылып алынган сувенирдик тыйынды да көрө аласыз. Онлайн дүкөндөрдө андай тыйын 1000 рублга (болжол менен $10) сатылат.
2022-жылдан бери юрист Лаврушин Белград, Бишкек жана Стамбулда компаниялардын бүтүндөй тармагын түзө баштаган. Анын бизнес жүргүзүү үчүн Сербия, Кыргызстан жана Түркияны тандап алганы кокусунан эмес. Бул өлкөлөр Орусияга товарларды жеткирүүгө чектөө киргизген эмес.
Чехиялык юрист Белград жана Бишкектеги компанияларды өз наамына каттатса, Стамбулда директор болуп орусиялык компаниянын кызматкери Инна Архинос көрсөтүлгөн. Ал эми анын Литвадагы өкүлчүлүгүн "Мелситектин" дагы бир кызматкери Сергей Царев жетектеген. Орусиядагы маалымат базасына караганда, Царев "Мелситектен" туруктуу айлык акы алып турат.
Бул компаниялар дүйнө жүзү боюнча жеткирүүчүлөрдөн өндүрүш компоненттеринин расмий сатып алуучулары катары иш алып барат. Ошол эле маалда “Система” изилдеген бажы маалыматтарына ылайык, продукциялар Бишкекке да, Стамбулга да жетпей, түз эле Орусияга, "Мелситекке" жөнөтүлөт.
Белград жана Стамбулда жайгашкан компаниялар немис фирмасы Infineon Technologies, америкалык Aquatec жана швейцариялык "Maxon" фирмаларынын жабдууларын Орусияга жеткиришет. "Система" бажы маалыматтарын иликтеп чыгып, немис лазердик диоддору, америкалык насостор жана швейцариялык кыймылдаткычтар түз эле Орусиянын Нижний Новгород облусуна жөнөтүлгөнүн аныктады.
Түрк Astrum компаниясы Дзержинскиге Кытайдын LCD дисплейлерин жана италиялык насосторду, Белград фирмасы испан лазердик диоддорун, чехиялык компания филиппиндик линзаларды жана немис өчүргүчтөрүн жиберген.
"Мелситек" акыркы эки жарым жылда импорттогон 222 товардын 151и азыр Европанын санкцияларынын тизмесинде бар.
Адегенде, "Мелситекке" импорт кылган фирмалардын даректерин текшерип көрдүк. 2023-жылы 638 миң долларлык товар жеткирген Стамбулдагы ATRIA DIS TICARET LIMITED SIRKETI компаниясы көрсөткөн даректе көп кабаттуу бизнес борбору жайгашкан. Анда иштеген күзөтчүлөр бизнес борбордо мындай аталыштагы компания бар экенин тастыкташты. Бирок ал имараттын ичине кирүүгө мүмкүн болгон жок.
Ал эми Вильнюстагы бизнес-борборго барганыбызда мында UAB Astrum LT компаниясынын кеңсеси жок экенин, бул имаратта мыйзамдуу түрдө гана катталганын айтышты.
Белградда Astrum LT Balkans DOO компаниясы көрсөтүлгөн даректе турак үй жайгашкан. Ал үйдүн тургундары "Мелситек" же Astrum LT Balkans DOO компания тууралуу кабардар эмес.
940 миң долларлык товар жиберилген Бишкектеги компаниянын дарегинен Пакистандан келген студенттер жашаган жатакананы таптык. Студенттер бул жатаканада "лазердик жабдуулар чыгарылабы?" деген сурообузду жоопсуз калтырышты.
Чехиялык Astrum LT компаниясынын өкүлү "Системанын" суроолоруна жооп берген катында ишкана орусиялык "Мелситек" менен байланышы жоктугун белгилеп, Орусияга товар экспорттоо боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартты. "Биз Astrum LT менен байланышкан фактылар жөнүндө гана айта алабыз, башка фактылар үчүн биз түздөн-түз тиешелүү булактарга же компанияларга кайрылууну сунуштайбыз" деген компания өкүлү.
Ал эми Константин Лаврушин сүйлөшүүдөн баш тартып, суроолорду электрондук почта аркылуу жөнөтүүнү суранды. А бирок, "Системанын" Лаврушинге жолдогон каты жоопсуз калды.
2022-жылдын апрель айында "Мелситектин" техникалык директору Анатолий Степанов Нижний Новгород облусунда өнөр жай министри менен лазердик технологиялардын өнөр жайда колдонуу ыкмаларын талкуулаган. Степанов анда санкциялардан улам компаниянын конкуренттери орус рыногунан четтеп жатканын жана анын компаниясы бул тармакта муктаждыктарды толуктоого даяр экенин айткан. Анын айтымында, Орусияда компания чыгарган заттардын башка аналогу жок.
Степанов берген убадасын аткарып, атаандаштарынын продукциясын толук алмаштыра алдыбы же жокпу белгисиз.
А бирок, хоккейди сүйгөн чехиялык юрист Лаврушин Орусияга санкцияланган товарларды туруктуу жеткирип турганы белгилүү болду.
"Система" тарабынан текшерилген бажы маалыматтарына ылайык, акыркы беш жыл ичинде "Мелситек" 2,2 миллион долларлык продукцияны импорттогон. Продукциялардын арасында Барселонада жана Бээжинде чыгарылган лазердик диоддор да болгон.
2023-жылдагы маалыматтарга ылайык, орусиялык компания чет элдик өнөктөштөрүнө кеминде 3,7 миллион доллар которгон. Компаниянын жалпы жүгүртүүсүнүн үчтөн бир бөлүгүнө жакыны ушул импорт үчүн төлөмдөн түшкөн. Эгерде Украинага толук масштабдуу кол салуу башталганга чейин импорттун негизги агымы Чехия аркылуу келсе, 2023-жылдан бери негизги жеткирүүчүлөр Түркия, Кытай жана Кыргызстан болуп калган. Бул өлкөлөрдүн банктарына дээрлик 2,5 миллион доллар жөнөтүлгөн.
Козицын менен байланышы бар компанияларга лазер эмне үчүн керек?
Ушул жерден "Мелситектин" ишмердүүлүгүнө көз чаптырып көрөлү. 2023-жылы компаниянын кардары санкцияга кабылган Орусиядагы Илимдер академиясынын кванттык эсептөө менен алектенген физика институту болгон.
"Мелситек" өз ишинде 100 миң долларды түзүп, чет жактан алынып келген товарларга муктаж. Мунун себебин, атын атагасы келбеген эксперт "Лазердик медицина үчүн аппараттарды импортсуз чогултуу мүмкүн эмес, анткени алардын орусиялык аналогдору жок" деп билдирди. Анын айтымында, лазердик косметологиялык жабдууларды чыгарган орусиялык компаниялардын дээрлик баары анда иштетилген диоддорду сырттан ташып келет. "Мелситек" лазердик диод микросхемаларын өндүрүүдө гана өзү чыгарган заттар иштетилерин айтканы менен, компания азыр деле Испаниянын Monocrom, Германиянын Diotec жана кытайлык BWTнын продукцияларын импорттоону улантууда.
Демек, дүйнөнүн булуң - бурчундагы компаниялар түзгөн чынжырча Орусияга тыюу салынган товарларды алып кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ал эми буга мисал болгон "Мелситек" түзгөн схема Орусия Украинага согуш баштаганы көп кездешет. Орусиялык ишкерлер санкцияларды кыйгап, Орусияга тыюу салынган товарларды импорттоо үчүн "достук" мамиледеги өлкөлөрдө "жасалма" компанияларды түзүшөт. Бул схема Украинага каршы согушта курал өндүрүү үчүн колдонулган чиптерди да Орусиянын аймагына алып кирүүдө колдонулуп келет.
"Трансперенси Интернешнл – Орусия"уюмунун директору Илья Шумановдун айтымында, бул схемага катышкан Борбор Азия же Түркия өлкөлөрүндөгү компаниялар кагаз жүзүндө гана ачылган ишканалар. Иш жүзүндө бул өлкөлөрдөн товар импорттолбойт.
Бирок батыш компанияларынын же жеке ишкерлердин бул аракетинин кесепети болушу мүмкүн. Шуманов Чехиянын Кылмыш-жаза кодексинде санкцияларды кыйгап өтүү үчүн жаза каралганын белгилейт. 2024-жылдын күз айынын башына карата чех бийлиги санкциялардан качууга көмөктөшкөн же санкцияларды бузууга катышкан адамдарга карата 45 кылмыш иши тергелип жатканын маалымдаган.
Чехиялык Astrum LT журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты. "Система" ошондой эле Орусияга продукциялары кирген Infineon, Aquatec International, Maxon, Diotec жана Monocrom компанияларынан комментарий сурап, кайрылды.
Немис Infineon компаниясынын өкүлү бул иш иликтенип жатканын кабарлады. Ал ошондой эле санкцияларды кыйгап өтүүгө тиешеси бар жагдайларды аныктоого аракет кылып, бардык чаралар көрүлүп жатканын билдиришти.
Иликтөө жарыяланган учурда калган компаниялардан жооп алууга мүмкүн болгон жок.
Материалдын автору: Дмитрий Сухарев ("Система")
Кабарчылар: Анна Наумчик ("Настоящее время") жана Андрей Шавлюго ("Азаттык" радиосунун беларус кызматы) .
Кыргызчага которгон: Айгерим Акылбекова.
Шерине