Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль камакка алынды

Юн Сок Ёль.

Юн Сок Ёль.

Түштүк Кореянын кызматтан убактылуу четтетилген президенти Юн Сок Ёль камакка алынды. Бул тууралуу Yonhap маалымат агенттиги билдирди. Юн Сок Ёль кан төгүүнү алдын алуу үчүн суракка барууга өз каалоосу менен макул болгонун айтты.

Бул Түштүк Кореянын тарыхында иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары убактылуу токтотулуп, камакка алынган биринчи учур.

Мындан 12 күн мурун тергөөчүлөр Юн Сок Ёлду резиденциясынан суракка алып кете албай коюшкан. Анда кызматынан убактылуу четтетилген президенттин тарапташтары мүмкүнчүлүк берген эмес.

Юн Сок Ёль бул жолу камакка алынар алдында кыска видеокайрылуу жарыялап, өзүнүн камакка алынышын дагы деле мыйзамсыз деп эсептей турганын, бирок кан төгүүнү алдын алуу үчүн тергөөчүлөр менен полицияга баш ийүүнү чечкенин билдирди.

2024-жылы 14-декабрда Түштүк Кореянын парламентиндеги 300 депутаттын 200дөн көбү Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдогон. Буга анын 3-декабрда күтүүсүз аскердик абал жарыялашы түрткү болгон. Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Юн Сок Ёлду президенттик кызматтан толугу менен четтетиш үчүн өлкөнүн Конституциялык соту импичментти бекитиши керек. Сот чечим чыгарганга чейин Юн Сок Ёль президент бойдон калат.

Президенттин милдетин азыр өкмөт башчы Хан Дак Су аткарууда. (BTo)

Дагы караңыз

ЖМК боюнча жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштүЛиванда премьерликке Эл аралык соттун төрагасы Наваф Салам дайындалдыЛавров Трамптын Украина боюнча сунушуна даярдыгын ишарат кылдыТокойлор өрттөнүп жаткан Лос-Анжелесте катуу шамал болорун эскертишти Кыргызстанда чет элдик студенттер курьер болуп иштей албайтОрусия абактагы 25 кыргызстандыкты мекенине которууга уруксат берген эмесМай айында электр энергиясы 26 тыйынга кымбаттайт