Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Май айында электр энергиясы 26 тыйынга кымбаттайт


Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыгат.

Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 14-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Ал эми электр жарыгын өнөр жай үчүн колдонгондор ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясына 3 сом 18 тыйындан төлөсө, 1-майдан тарта 3 сом 49 тыйынга чыгат.

“Кыргызстанда калк электр энергиясын 1 сом 11 тыйындан сатып алып атса Өзбекстанда 2 сом 60 тыйын. Украинада 3 сом 90 тыйын, Азербайжанда 4 сом 70 тыйын, Казакстанда 4 сом 90 тыйын. Орусияда 6 сом 60 тыйын”, - деди ал.

Кыргызстанда ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом 11 тыйын. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 39 тыйын төлөйт.

Өлкөдө мындан ары инфляциянын көрсөткүчүнө жараша жыл сайын 1-майдан тарта электр жарыгынын баасы көтөрүлүп турат.

Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG