Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

Кыргызстанда чет элдик студенттер курьер болуп иштей албайт


Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер. Иллюстрациялык сүрөт.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга билим алуу үчүн келип, студенттик виза алган чет элдик студенттердин курьер, таксист жана башка жумуштарда иштегени мыйзамсыз. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 14-январдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Студенттик виза менен келип иштеп жүрүү мыйзамсыз. Акыркы убакта курьер, жеткирип берүү кызматында иштегендердин скутерлерин токтотуп, айып жайга киргизип, өздөрүнө айып салгандан кийин токтоду. Бул боюнча Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына тапшырма берилген. Окуганы келгендер окуш керек, эмгек квотасы менен келгендер кайсыл багытка келсе ошол багытта гана иштеш керек", - деди министрдин орун басары.

Комитет "Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда талкуулап, чет өлкөлүктөргө жумуш орундары үчүн берилген квота, Кыргызстанга билим алуу үчүн келген башка мамлекеттердин жарандары тууралуу талкуулады. Айрым депутаттар Пакистандан, Индиядан, Бангладештен билим алуу үчүн келген жарандар арасында курьер, такси кызматында иштеп, жол кырсыгына кабылган учурлар бар экенин белгилешти.

Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

Министрлер кабинети 2024-жылга карата чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген. Эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, анын 3 миңи пайдаланылган эмес.

Мындан сырткары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG