KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Имамидин Ташов 13-январдан баштап ачкачылык жарыялаганын билдирди. Бул тууралуу ишкер 14-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумда айтып, тергөө абагынын администрациясына жазган катын көрсөттү.
Катта Бишкектеги №1 тергөө абагында 2024-жылдын 20-декабрынан тартып абактагы шектүүлөрдү кыйноолор башталганы, текшерүүлөр күчөп, кечкисин электр жарыгы өчүрүлүп жатканы жазылган. Буга каршылык көрсөтүп ачкачылык жарыялаганын билдирди.
Жаза аткаруу кызматы ишкердин тергөө абагындагы кыйноолор тууралуу сөздөрүн четке какты.
Имамидин Ташов 2024-жылы 6-декабрда ачкачылык жарыялап, 18-декабрда токтоткон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасынан Казакстан тараптан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлууда. Ишкер коюлган кинени четке кагып келет.
Имамидин Ташов былтыр июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын апасы 29-октябрда сот жараянынан кийин билдирген. Ал абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.
Ал былтыр октябрь жана декабрь айларында өзүнө үч жолу кол салган. Атайын кызмат ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылганын четке каккан. (BTo/MKt)
Дагы караңыз
Актөбөдө барымтага алынган үч кишинин экөө каза болду"Азаттыктын" каарманы “Ак ниет кызматы үчүн” төш белгиси менен сыйландыБайден Ак үйдөн кетер алдында тышкы саясатынын жыйынтыгын чыгардыМай айында электр энергиясы 26 тыйынга кымбаттайтЖогорку сот Токмоктун мурдагы мэри Урматбек Самаевди актадыБылтыр кызамыкка 14 380 адам чалдыкты, алардын 90% ашууну эмделген эмесПакистандын коопсуздук күчтөрү 27 козголоңчуну жок кылганын билдирди