Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Пакистандын коопсуздук күчтөрү 27 козголоңчуну жок кылганын билдирди


Кветта шаарында болгон жардыруу. Пакистан, 9-ноябрь 2024-жыл.
Кветта шаарында болгон жардыруу. Пакистан, 9-ноябрь 2024-жыл.

Пакистандын коопсуздук күчтөрү дүйшөмбүдө Белужистанда 27 козголоңчуну жок кылганын билдирди. AP агенттиги жазганына караганда, Качхи районунда чалгынчылардын маалыматына таянып, согушкерлер жашырынган жайларда рейд жүргүзүлдү.

Коопсуздук күчтөрүнүн билдирүүсүндө “күч түзүмдөрүнө жана карапайым адамдарга каршы террордук аракеттерди жүргүзгөн террорчулар” жок кылынганы, аларга буга чейин издөө салынганы айтылат.

Өлтүрүлгөн согушкерлер тууралуу кеңири маалымат берилген жок. Пакистандын ал аймагында белуждардын жикчил топтору жана жергиликтүү талибдер иш алып барат. Көп жылдан бери кырдаал тынчыбаган, жаратылыш кендерине бай Белужистанда негизинен коопсуздук күчтөрүнө кол салуулар уюштурулуп келет.

Былтыр 9-ноябрда аймактын борбору Кветта шаарындагы темир жол бекетинде болгон жардыруудан 24 адам каза тапкан, 53 киши жарадар болгон.

Шаардын полиция башчысы Мухаммад Балоч Кветтадан Равалпиндиге баруу үчүн жүзгө жакын жүргүнчү поезд күтүп турган учурда чабуул жасалганын билдирген.

Ооганстан жана Иран менен чектешкен бул аймактын белуж козголоңчулары жылдардан бери Пакистандан көз карандысыздык алууга аракет кылып келатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG