Жогорку сот 13-январда Токмок шаарынын мурдагы мэри Урматбек Самаевди актаган өкүм чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку сот Урматбек Самаевди Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси - “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” менен актоо өкүмүн чыгарган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Урматбек Самаевди 2023-жылдын апрель айында кармап, ага “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар деп айып койгон.
Атайын кызмат 2020-жылдан 2023-жылга чейин аталган ишкананын турак үйлөрдү борбордук жылуулук тутумуна мыйзамсыз кошуу, жаратылыш газын ашыкча коротуу, күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруу сыяктуу мыйзам бузууларынан мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирген.
2024-жылдын 9-февралында Токмок шаардык соту Урматбек Самаевди Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси – “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” менен актап, “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыптуу деп таап, 1 миллион сом айып салган. Бул чечимди Чүй облустук соту былтыр 18-июлда күчүндө калтырган.
38 жаштагы Урматбек Самаев 2016-жылы Жогорку Кеңешке “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутат болгон. 2021-жылы августта Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган.
Чүй районунун жана Токмок шаарынын “Көк-Бөрү” федерациясынын президенти. 2018-жылы Кыргызстандын “Көк-Бөрү” федерациясынын вице-президенти болгон. (BTo)
Дагы караңыз
Байден Ак үйдөн кетер алдында тышкы саясатынын жыйынтыгын чыгардыБылтыр кызамыкка 14 380 адам чалдыкты, алардын 90% ашууну эмделген эмес15-январдын аба ырайы: күн ачык болотПакистандын коопсуздук күчтөрү 27 козголоңчуну жок кылганын билдирдиАлмамбет Шыкмаматов ЭТТК маселеси дээрлик чечилгенин айттыСтатком былтыр ички дүң өнүм 1,5 триллион сомдон ашканын билдирдиУлуттук банк 2025-жылдагы биринчи интервенцияны жасадыБишкектеги өкмөттүк шаарчаны “Кыргызстройсервис” курат