Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Алмамбет Шыкмаматов ЭТТК маселеси дээрлик чечилгенин айтты


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) боюнча маселе дээрлик чечилгенин билдирди. Бул тууралуу ал 14-январда Ошто ишкерлер менен жолугушууда айтты. Анын сөзүнө караганда, ЭТТКны жөнөкөйлөтүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ да ишин жыйынтыктап калды.

“ЭТТК маселеси жоюлду десек болот. ЭТТК мунай заттарына, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, дары-дармекке жана медициналык буюмдарга гана калат. Экинчиден, импорт менен алектенгендерге да калат. Анткени алар сырттан тонналаган товарларды ташып келет. Завод-фабрикалар да бар. ЭТТК менен аларды да көзөмөлдөш керек. Аларда ЭТТК толтуруп, бардык ишти аткарганга шарты бар”, -деди ал.

Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кирген жумушчу топ 2024-жылы 31-декабрда түзүлгөн.

30-декабрда өкмөттүн жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ЭТТК боюнча жеңилдиктерди анализдөө тапшырмасын берген.

Алмамбет Шыкмаматов ЭТТКны беш товарга гана калтырууну сунуштаган. Бүгүнкү күндө ЭТТК 13 миңден ашуун ар кандай товарга колдонулат.

Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын башынан тарта өлкөдө фискалдык реформа деген негиз менен көзөмөл-кассалык машина, электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы өңдүү салыктык башкарууну санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. Салыктык башкаруунун татаалдашуусу менен кошо эле салыктын жүгү да өсүп жатканын белгилеген соодагерлер жана ишкерлер базарларда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG