"Азаттыктын" каарманы, курулуш компаниясында кранчы болуп иштеген Гүлжан Тургуналиева Мамлекеттик курулуш агенттигинин “Ак ниет кызматы үчүн” төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу аталган мекеме жазып чыкты.
Агенттиктин жетекчиси Нурдан Орунтаев Тургуналиевага өз ишине берилген эмгеги, кесипкөйлүгү жана өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирген.
"Азаттык" "Данисте" берүүсүндө кооптуу, түйшүктүү курулуш тармагында иштеген мээнеткеч каармандар тууралуу баяндаган.
Гүлжан Тургуналиева он жылдан ашык убакыттан бери курулуш кранын башкарып иштеп келатканын, техникага бала кезинен кызыкканын айтып берген. Учурда ал Бишкектеги 27 кабаттуу үйдүн курулушунда кран оператору катары иштеп келатат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанда соңку жылдары курулуш тармагы катуу жанданып, ондогон жаңы имараттар салынууда. Тармакта кеңседе олтуруп иштеген жумушчулардан тартып курулушта кара жумушта миңдеген кишилер жанын багууда. (КЕ)
Дагы караңыз
Былтыр кызамыкка 14 380 адам чалдыкты, алардын 90% ашууну эмделген эмес15-январдын аба ырайы: күн ачык болотПакистандын коопсуздук күчтөрү 27 козголоңчуну жок кылганын билдирдиАлмамбет Шыкмаматов ЭТТК маселеси дээрлик чечилгенин айтты