11-январдын аба ырайы: Күн ачык болот

11-январда түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге, Чүй облусунун чыгышында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…7

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 2…7

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8

Бишкекте жаан-чачын жаабайт, туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10°, күндүз 4…6° болот.

Дагы караңыз

Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму болбой калдыИИМ "апасын өлтүргөн" деп издөөдө жүргөн адамга жасалма паспорт берилгенин билдирдиБишкек–Нарын–Торугарт жолунда унаа ташыган автотрейлер күйүп кеттиТрамп Украинадагы согушту 100 күндө токтото алабы?ТИМ: Лос-Анжелестеги өрттөн жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жокАрмениянын Еврошаркетке карай жолу, Москванын реакциясы