Бүгүн, 10-январь күнү Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 156-чакырымында (Тоң районуна караштуу тилкесинде) унаа ташуучу чоң автоунаадан өрт чыккан. Маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) саат 11:02де түшкөн.
ӨКМдин Балыкчы шаарындагы N19 өрт өчүрүү бөлүгүнөн бир күжүрмөн эсеп тартылып, саат 11:54тө өрт чектөөгө алынган. Саат 12:14тө толук өчүрүлгөн.
Өрттөн адам жабыркаган жок, учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери жана кесепеттери такталууда.
ӨКМ автоунаада канча машина болгону, алардын күйгөн-күйбөгөнү тууралуу маалыматты ачыктаган жок. (ZKo)
Дагы караңыз
Трамп Украинадагы согушту 100 күндө токтото алабы?ТИМ: Лос-Анжелестеги өрттөн жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жокАрмениянын Еврошаркетке карай жолу, Москванын реакциясыИИМ "апасын өлтүргөн" деп издөөдө жүргөн адамга жасалма паспорт берилгенин билдирдиИИМ: Министрдин орун басарынын айдоочусу жана тергөөчү УКМКда сурак берип чыктыАбхазиядан, Армениядан келген автоунаалар алты ай ичинде мыйзамдаштырылат