Украинанын парламенти (Жогорку Рада) Орус империясы 1763-1864-жылдардагы Кавказ согушу маалында черкестерге каршы тукум курут саясат жүргүзгөнүн тааныды. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы кабарлады.
Документтин долбоору парламентке 2022-жылдын июнунда киргизилген.
Демилгенин автору, депутат Алексей Гончаренко Орус империясы ошол согушта черкестерди жапырт өлтүрүп, күчкө салып көчүргөнүн, этностук тазалоого барганын белгиледи.
“Натыйжада черкестердин 90% жок кылынган же куугунтукка кабылган. Украина ошол кылмыштын курмандыктарына таазим кылат, империянын оторчулук саясатын айыптайт жана эл аралык коомчулукту ал геноцидди таанууга чакырат”, - деп айтты Гончаренко.
Орусия Украинага басып киргенден бери Киев Чеченстандын оккупациясын жана ингуштардын мамлекеттүүлүккө укугун тааныган. Президент Владимир Зеленский Орусиянын Краснодар крайын “украиндер тарыхтан бери байырлаган аймактардын” тизмесине киргизген.
Буга чейин черкестердин геноцидин Грузия таанып, 2011-жылы тиешелүү документ кабыл алынган.
Дагы караңыз
Запорожье: 13 кишинин өмүрү кыйылды, 100дөн ашуун адам жарадарТрамп Украинадагы согушту 100 күндө токтото алабы?Ливанда 12 жолку аракеттен кийин жаңы президент шайланды