Запорожьеде орус армиясынын бомбалоосунан жарадар болгондор 113 кишиге жетти. Ооруканаларда 59 киши жатканын облус администрациясынын башчысы Иван Фёдоров маалымдады. Шаршембидеги чабуулдан 13 киши каза болгон.
Маалыматка караганда, жергиликтүү убакыт боюнча түштөн кийинки саат 4 чамасында кымгуут түшкөн көчөгө сокку урулган. Көп кабаттуу үйлөр, өнөр жай объектиси жана башка инфраструктура жабыркаган.
Фёдоров чабуулдун кесепеттери, набыт болгон, жараат алган адамдар тартылган видео менен сүрөттөрдү жарыялады.
Украин президенти Владимир Зеленский: «Карапайым адамдар жабыкарын билип туруп шаарды бомбалоодон өтөөр ырайымсыздык жок», - деп жазды.
Мунун алдында облус бийлиги авиабомбалар же баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалышы ыктымал экенин эскерткен. Сокку урууда кандай курал колдонулганы азырынча так белгисиз.
Запорожьеде аза күтүү жарыяланды.
Орусиянын бийлиги соккуну комментарийлеген жок.
Майдандан бир нече чакырым турган Запорожьеге орус аскерлери утур-утур сокку уруп келет. Жаңы жылдын түнүндө да калаа аткыланган.
Далилдерге карабай, Орусия кошуна өлкөсүнүн карапайым адамдары, оорукана, бала бакча, энергетика объектилери өңдүү жарандык жайлары бутага алынганын танат.
Дагы караңыз
"Ачкачылыкты уланта берсе комага түшүп калышы мүмкүн". Абактагы Султанбековдун абалыНоокенде 15-декабрдан бери дайынсыз жоголгон адамды издөө уландыОшто жер титиреди