Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Ошто жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-январь күнү саат 11:32де Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү очогунда үч баллды түзгөн.

Жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 32 чакырым, Чапай, Фрунзе айылдарынан үч, Ноокат айылынан беш чакырым жерде болгон. Аталган айылдарда силкинүүнүн күчү үч балл болуп сезилген.

Бул жыл жаңыргандан бери Кыргызстандын аймагында катталган экинчи силкинүү. 4-январь күнү Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 баллга жана Чүй облусунун аймагында үч баллга жеткен жер титирөө болгону кабарланган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG