Башкы прокуратура Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун түштүк тарабында, көлдүн жээгинде жайгашкан жалпы аянты 11,7 гектар жер мамлекетке кайтарылганын кабарлады.
Башкы көзөмөл органы жер тилкеси 392 миллион 652 миң сомго бааланганын, текшерүүдө жер мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталганын кошумчалады. Бирок ипподромдун жанындагы жер качан жана кимге сатылып кеткенин тактаган жок.
Кыргызстанда тийиштүү мекемелер мурда-кийин жеке менчикке ар кандай жол менен өтүп кеткен жер тилкелери, имараттар жана башка мүлк мамлекетке кайтарылып жатканын, бул иш бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн үзүрү экенин кабарлап келишет.
Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтышат. (BTo)
Дагы караңыз
Запорожьеге урулган соккудан кеминде 13 киши каза болду, 60тай киши жараат алдыОрусияда мыйзамсыз жүргөн кыргыз жарандарына укуктук жардам керектиги айтылдыТокмокто айдоочу эне-баланы сүзүп, төрт жаштагы кыз чарчап калдыУкраина Орусиянын Саратов облусундагы мунай базасына сокку урганын билдирдиТажикстанда Швециядан депортацияланган оппозициялык блогер кармалдыПрезиденттик администрацияда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал талкууланды