Токмок шаарында болгон жол кырсыгынан төрт жаштагы кыз чарчап калды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, кырсык 8-январда болгон. 61 жаштагы айдоочу “Фолксваген-Поло” үлгүсүндөгү автоунаа менен Токмоктун Шамшы көчөсү менен түндүктөн түштүктү карай баратып, рулга ээ боло албай, өтмөктөн 27 жаштагы келинди кызы менен сүзүп кеткен. Төрт жаштагы кыз окуя болгон жерден чарчап калган.
Айдоочуга Кылмыш-жаза кодексинин “Жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин жана автотранспортту эксплуатациялоону бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакын киши жаракат алган. (BTo)
Дагы караңыз
Дания Гренландия эгемен болушу мүмкүн экенин, бирок АКШга кошулбай турганын билдирдиЗапорожьеге урулган соккудан кеминде 13 киши каза болду, 60тай киши жараат алдыУкраина Орусиянын Саратов облусундагы мунай базасына сокку урганын билдирдиТоктогулда наристеге ыплас ыдык көрсөтүүгө шектелген киши эркиндикке чыктыУКМК: Ак-Өргөөдө курулуп жаткан үйдөн 15 батир мамлекетке алындыКыргыз-өзбек-тажик премьер-министрлери жолугуп, чек ара маселесин талкуулады