"Мексикага жетпей жоголгондор бар". АКШга баруу үчүн кооптуу жолго аттангандар

АКШ чек арасы. (коллаж)

Акыркы жылдары миңдеген мигранттар АКШга Мексика аркылуу кооптуу жол менен барууда. Океандын аркы жагындагы жакшы жашоого жетем деген үмүт менен өмүрүн тобокелге салып аттангандардын ичинде кыргызстандыктар да бар. Соңку убакта алардын арасында дайыны чыкпай калгандар да кездешет.

Эл аралык уюмдар, мигранттар менен иш алып барган бирикмелер жана мамлекеттик мекемелер жарандарга эмгек миграциясына мыйзамдуу жолдор менен гана барууну такай эскертет.

Бир апта мурун Мексикада жоголуп, кайра табылган кыргызстандыктын окуясынан кийин АКШга бул өлкө аркылуу мыйзамсыз барган мигранттардын маселеси кайрадан көтөрүлдү.

АКШ менен Мексиканын чек арасы.

Мексика... АКШ менен кара жерде 3100 чакырымдык чек арасы бар бул өлкөдө БУУнун маалыматы боюнча 115 миң адамдын дайыны чыкпай, издөө жарыяланган. Дайынсыз жоголгондордун саны 2000-жылдардан кийин кескин көбөйгөн. Алардын басымдуу бөлүгү чек арадан мыйзамсыз өтүп, АКШга жол тарткан мигранттар.

Соңку жылдарда Латын Америкасындагы өлкөлөр аркылуу Мексикага жетип, андан соң АКШга мыйзамсыз өткөндөрдүн арасында Борбор Азиядан баргандар, анын ичинен кыргызстандыктар да көбөйдү.

Алар узак жана кооптуу жолдо өмүрүн тобокелге салып, опол тоодой кыйынчылыкка туш болушат. Арасында шылуундардын колуна түшүп же жакындары менен узак убакыт бою байланышка чыкпай жүргөндөр бар.

"Алты айдан бери кабар жок"

Кыргызстандык Айбектин агасы менен жеңеси былтыр июнда АКШга жөнөп кеткен. Жубайлар бир нече ирет "грин картага" тапшырып көрүп, бирок жолу ачылбай койгондо ушул кадамга барышкан.

"Алар акыркы жолу былтыр июлда байланышка чыгышкан. Ошондон бери кат-кабары жок. Аларды буга чейин Мексика аркылуу Америкага жеткен тааныштары чакырган экен. Мага акыркы жолу жарым жыл мурун Вотсаптан жазган. Жазып калабы деген ой менен гана күтүп жүрөбүз. Ал бирок болушунча коопсуз жол менен барам деп, көп каражат алып кеткен болчу".

Айбектин агасы Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштеген. Жеңеси экөө "Америка кыялына" жетеленген. Айбек жакындары Мексика менен АКШнын чек арасындагы депортациялоо борборунда кармалып турат деп үмүттөнөт.

Дагы караңыз АКШ-Мексика чек арасында тонолгон, камалган мигранттар

"Азаттык" менен байланышкан дагы бир кыргызстандык аялдын уулу Мексика аркылуу АКШга кирем деп бир нече ай мурун кеткен. Ал уулу бир апта мурун гана телефон чалганын айтты:

"Көрсө, балам атайын борбордо камалып жаткан экен. Ал жактан мага телефон чалды. Ага чейин баламды издеп шаштыбыз кетти. Бая күнү Мексикада кыргыз жараны жоголду деген маалыматтан кийин санаам күчөгөн эле".

Жогоруда АКШга мыйзамсыз жана кооптуу жолду тандап, сапарга чыккан эки эле каармандын окуясы баяндалды.

"Азаттык" бул макаланы даярдап жатканда, Америкага жетүүнүн түрдүү жолдорун баяндаган Телеграм каналдарга баш багып, ушул тапта кооптуу жол менен АКШга сапар алган кыргызстандыктар бар экенине ынанды. "Мексика аркылуу Америкага жол" сыяктуу Телеграм каналдарында жарандар өз ара пикир алмашып, маалымат алып, ортомчуларды таап, узак жана кооптуу жолго чыгууда.

Түштүк Американын токойлорунда чатыр тиккен кыргызстандык. (Архив)

Кыргызстандык Тилек Мексика аркылуу жетиш үчүн үч ай жол жүргөн. Ал Түштүк жана Борбордук Американын 10го жакын өлкөсүн башка жердештери менен кошо басып өтүп, көздөгөнүнө жеткен. Бирок ал сапарында кооптуу жагдайга бир нече жолу туш болгонун жашырган жок:

"Картелдер Борбор Азиядан барган мигранттардын колунда дайым акча болорун жакшы билип калышыптыр. Ошондуктан алар опузалап, күч көрсөтүп, акча талап кыла башташат экен. Айрымдары сураганын бербесең өлтүрөбүз деп коркутат. Ал тургай айдоочулар деле кооптуу. Бизди бир айдоочу картелге салып берем деп, акчабызды тартып алган. Мунун баары Мексикага чейинки жолдо болуп жатат".

Адатта Борбор Азиядан барган мигранттар Мексикага чейин бир нече өлкө аркылуу өтүшү керек. Алар чытырман токойлордо далай күн жол жүрүп, кенедей кайыктар менен сууда сүзүп өтөрүн "Азаттыкка" бир нече ирет айтып беришкен.

Дагы караңыз Кариб деңизине чөгүп кете жаздаган үй-бүлөнүн баяны

АКШнын Нью-Йорк шаарында жашап, көп жылдан бери миграция маселесин чагылдырган журналист Марина Соколовская мигранттар үчүн мына ушул Мексикага бараткан жол кооптуу экенин эскертет:

"Кыргыз же өзбек мигранттарды Мексикага чейин алардын эле мекенинен келгендер түзгөн топтор жеткирет. Мени менен иштешкен кыргызстандык мигранттар бул тууралуу бир нече ирет айтышкан. Алардын айрымдары өтө кооптуу болгон Дарьен булуңу менен өтүшөт. Мен ошол жол менен өткөн мигранттар арасында каза болгондор тууралуу угам. Бирок Мексиканы көздөй жолдо баратып жоголгон борборазиялыктар жөнүндө ачык маалымат айтылбай келгенине таң калам. Же аларды эч ким издебейт, же кайда жоголгону тууралуу ачык айтылбайт. Мигранттар арасында Мексикага жетпей өлгөндөр бар. Жылан чагып, ок тийип, тонолуп же зордукталып жоголгондор көп. Мексикада дайынсыз деп айтылганы менен, көбү ал өлкөгө жетпей жоголот".

Дарьен булуңу.

Соколовская мигранттардын көбү кадимки коопсуздук эрежелерин эске албай турганын да белгиледи:

Марина Соколовская.

"Кайык менен баратып сууга агып же түшүп кеткендерди угабыз. Анткени эң жөнөкөй коопсуздук эрежелери сакталбайт. Мисалы, чакан кайыкка көп киши атайын кемсели жок отуруп алат. Жок дегенде бөтөлкөлөрдү белине байлап болсо да коопсуздук эрежелерин сакташ керек. Негизи АКШга карай жолдо эң коопсуз жер деп депортациялык борборду айтса болот".

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда, Кариб деңизи аркылуу өткөн мигранттардын арасында каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун саны улам өсүүдө. 2022-жылы Кариб деңизинин аймагында 321 мигрант каза тапкан же дайынсыз жоголгон. Башка жылдарга салыштырганда бул болуп көрбөгөндөй рекорддук көрсөткүч.

"Былтыр Кариб деңизинде өмүрү кыйылган мигранттардын 51% тек жайын аныктоо мүмкүн болгон жок. Бул жүздөгөн үй-бүлөлөр жакындарынын дайынын билбейт дегенди түшүндүрөт", - деп айтылат Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматында .

Маалыматка караганда, мигранттар көбүнчө сууга чөгүп кетишет. Буга аба ырайынын начардыгы жана колдо жасалган эски кайыктарга түшкөнү себеп болот. Эл аралык миграция уюму мындай жолго аттангандар кылмыштуу топторго көп кабыларын эскертет.

“1500 доллар берсең, агаңды таап берем”

Биз Мексикада иштеп же убактылуу жашаган кыргызстандыктар аркылуу борборазиялык мигранттар менен иштеген ортомчуга байланыштык. Кыргызстандык мигранттар Мексикага бараткан жолдо ушул өңдүү ортомчулар же шылуундар арбын экенин белгилешет.

"Жоголгон адамдын паспортун жибериңиз. Сизге ошол жардам берет. Ага дайыны чыкпай жаткан кыргызстандыктар боюнча көп кайрылабыз. Учакка отурган же отурбаганын, чек арага келгенин текшеришет", - деп айтты атын атагысы келбеген кыргызстандык.

Кыргызстандык мигрант айткан адамга байланышканыбызда, өзүн Егор деп тааныштырып, орус тилдүү адам телефонду көтөрдү. Ал дайынсыз жоголгондорду издөө менен алектенерин айтып, бизден өз кызматы үчүн каражат сурады. Кызыктын баары ушул жерде башталды. Ал адамга Мексикага такыр барбаган кыргызстандык жарандын документинин сүрөтүн жибердик. Ортомчу жакынын издеген биз өндүүлөрдүн телефон чалууларына көнүп калгандай:

“Сенин агаңды таптым. Ал азыр Мексиканын Табаско шаарындагы түрмөдө экен. Андан ары депортация болот же камалат. Тихуанага алып келиш үчүн 1500 доллар беришиң керек”.

Егор адегенде көбүрөөк суммадагы акча талап кылып, кийин ушуга токтолду. Ушул жерден дагы бир ирет белгилеп өтөлү, биз ортомчуга башка бирөөнүн документин жибергенбиз. Демек, мына ушул мисал менен эле биз шылуун менен байланышканыбызды айтсак болот.

АКШга бараткан жолдо жоголгон мигранттар тууралуу испан, англис тилиндеги баракчалар арбын. Биз андай баракчалардын бирине баш бактык. Мында көбүнесе жакынын издегендер жазып, маалымат үчүн көп акча убада кылышат экен. Бирок "эс учун жоготту, жакынын издейбиз" деген жарыяларга да көзүбүз түштү. Адатта ал сүрөттөрдө жарандын аты-жөнү ачык жарыяланбайт.

Мексикада дайынсыз жоголгондордун тайпасы.

Журналист Марина Соколовская борборазиялык мигранттарды өз алдынча издөө иши оор дейт:

"Андай баракча же расмий маалыматтарда адатта Кыргызстан же кайсы өлкө болбосун, кайсы өлкөдөн экени жазылбайт. Көп учурда алар Советтер Союзу деп эле коюушу мүмкүн. Атын жазганда да тамгасынан же жазылышынан көп учурда ката кетет. Жакынын мамлекеттик мекеме же башка жактан издегендер ушул нерсени да эске алышы керек".

Бир нече күн мурун Мексикада дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык Жаныбек Жакыпов бир нече күндөн кийин табылды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) аны дипломатиялык каналдар аркылуу да издеп жатканын маалымдаган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мексикада жоголгон Жаныбек Жакыпов табылды

Жаныбек Жакыпов Мексикада эс-учун жоготуп, аны жергиликтүүлөр менчик клиникага алып барышканы, жакынкы күндөрү мекенине кайтары белгилүү болгон.

Издөө иштерине катышкан Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулу Болот Борбиев консулдукка ушул күнгө чейин Мексикада жакынын издеген кыргызстандыктар кайрылбаганын билдирди:

"Бизге Мексикада жоголгон жакынын издеген адам кайрылган эмес. Консулдукта мындай маалымат жок. Ошондуктан дайынсыз жоголуп же изделип жаткандар тууралуу так айта албайбыз".

Учурда жүздөгөн борборазиялык мигрант Мексика менен АКШнын чек арасындагы депортациялоо борборлорунда турат. Алар тийиштүү жараян аяктагандан кийин АКШнын аймагына киргизилет же Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Америкага жол тарткандар арасында Мексиканын чек арасынан өтө албай, артка кайткандар да бар. 2023-жылы АКШнын түштүк-батыш чек арасынан 2,5 миллион киши өткөн.

2023-жылы Борбор Азиядан АКШга барган мигранттардын саны көбөйгөнү, 50 миңдейи мыйзамсыз киргени айтылган. Алардын 17 миңдейи Өзбекстандын, 7 миңге жакыны Кыргызстандын, 3 миңдейи Тажикстандын, 2700ү Казакстандын жана 2 миңи Түркмөнстандын жараны.