Курск: Украин армиясынын жаңы чабуулу эмнени көздөйт?

Украин аскери Курск облусундагы Сужа районунун борборунда турат, 21-август, 2024-жыл

5-январдын таңында украин армиясы Орусиянын Курск облусунда жаңы чабуулун баштады. Аналитиктер чарчап-чаалыгып, техникасы жана жоокери жетишпей жаткан украин армиясынын бул чабуулу күтүүсүз болгонун белгилешет. Эмне себептен Киев мындай кадамга барды?

Орусиялык Z-каналдар жазгандай, учурда салгылашуулар Курск облусунун Пушкарное, Леонидово жана Теткино айылдарында жүрүп жатат. Булардын баары украин армиясынын көзөмөлүндөгү Сужа шаарынын айланасында жайгашкан.

Кремлчил аскердик блогер негизи аракеттер Большой Солдатский айылынын тегерегинде болуп жатканын кабарлады. Бул облус борбору Курск шаарынан 80 чакырым жерде жайгашкан. Жарыяланган видеолордо украиндердин чопкутталган техникасынын кербенин көрүнөт.

Блогерлер жазгандай, украин армиясы орус дрондорун радиоэлектрондук каражаттар менен иштен чыгарууда. Тактап айтканда, дрондор украин техникасына жакындаганда иштебей, борбору менен байланышы үзүлөт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украина Курскиде чабуул баштаганы, Орусия Кураховону алганы кабарланды


Курскинин губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Хинштейн украин армиясынын чабуулун ырастап, ашыкча маалымат таратуудан алыс болууга чакырды.

Согушту иликтөө институту 5-январдын кечинде тараткан билдирүүсүндө украин күчтөрү Курск облусунда үч багытта чабуулдарын жандантып, "тактикалык ийгиликтерге" жетишкенин кабарлады.

Бул чабуулдун масштабы канчалык чоң экени жана ал фронтто кандай өзгөрүүлөрдү жасары азырынча белгисиз.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Курскидеги Украинанын туруму Москва менен Киевдин ортосундагы болочокту сүйлөшүүлөрдө чечкиндүү мааниге ээ экенин билдирди.

“Украин аскерлеринин Курск облусунда турушу маанилүү, себеби бул фактынын жаңы жылда болушу ыктымал сүйлөшүүлөрдө эске алынары калетсиз”, - деп айтты Блинкен 6-январда Сеулдагы сапары маалында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Украин армиясынын Курск облусундагы чабуулун расмий Киев дагы бышыктады. Президенттин кеңсесинин башчысы Андрей Ермек "Курщинадан жакшы жаңылыктар бардыгын" айтты.

"Башкы командачы Курск облусундагы кырдаал тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, бүгүн жана кечээ Курск облусундагы Махновка айылынын айланасындагы салгылашта орус күчтөрү жөө аскерлер батальонун жоготту. Алардын арасында түндүк кореялык аскерлер жана орусиялык десанттар бар. Бул абдан сезилерлик жоготуу", - деди украин президенти Владимир Зеленский.

Украин армиясы Орусиянын Курск облусуна былтыр августта күтүүсүздөн кирип барып, бир нече жуманын ичинде миңден ашуун чарчы метр аймакты өз карамагына алууга жетишкен.

Киев операциянын максатын Орусиянын аймагын басып алуу эмес, "буфердик зона" түзүү аракети деп түшүндүрүп келатат.

Сентябрдын орто ченинен орус армиясы контрчабуулун баштаган. Бул операцияга миңдеген түндүк кореялык аскер тартылган.

Дагы караңыз "Орусия согушка Түндүк Кореянын аскерин тартууга аргасыз"

Буга чейин орус күчтөрү алдырган аймактын жарымынан көбүн кайра кайтарууга жетишти. Учурда украин армиясы Сужа шаарынын тегерегиндеги 400 чарчы чакырымдай аймакты көзөмөлдөп турат. Аналитиктердин баамында украин күчтөрүнүн жаңы чабуулу күтүүсүз болду.

Орусиялык аскердик аналитик Ян Матвеевдин айтымында, украин армиясы чарчап-чаалыгып, техникасы жана жеке курамы жетишпей турган чакта алардан атайын даярдалган активдүү чабуул аракеттерин күтүү кыйын эле.

Эксперттин пикиринде украин армиясынын бул аракеттери орус күчтөрүн башка багыттардан алаксытып, чабуул коюу мүмкүнчүлүктөрүн алсыратышы ыктымал.

"Украин армиясы өз позицияларын бекемдөө үчүн Сужа шаарынын айланасындагы аймакты кеңейтүүгө аракет кылып жаткандай", - дейт аналитик "Настоящее время" телеканалына курган маегинде.

Орусиячыл блогер Алекс Паркердин пикиринде, украин армиясынын башкы максаты Курчатов шаарынын жанында жайгашкан Курск атомдук электр станциясын басып алуу. Азырынча бул боюнча эч кандай маалымат жок.

Украин күчтөрүнүн бул чабуулу АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын 20-январдагы инаугурациясын утурлай башталып жатат. Ал буга чейин кызматка киришери менен Украинадагы согушту токтотууга аракет кыларын айткан. Трамптын администрациясынын Украина жана Орусия боюнча жаңы чабарманы Кейт Келлог согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башында турууга тапшырма алды. Ал Трамп бийликке расмий келери менен ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр башталышы мүмкүн экенин билдирген.

Декабрда Келлог Fox News телеканалына курган маегинде согуш "бир нече айдын ичинде чечилиши мүмкүн экенин" айткан.

Блинкен сүйлөшүүлөр башталса да "Путинге каршы турууга Киевге коопсуздук кепилдиктери" зарыл болорун белгиледи.

"Анткени анын империялык дымагы кала берет. Ал эс алып, курал-жабдыгын даярдап, кайра кол салууга аракет кылат, - деди Блинкен. - Ага андайга барууга жол бербеш үчүн тиешелүү чаралар зарыл".