Улуттук банк 2024-жылы валюта рыногуна 26 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен 13 жолу АКШ долларын сатып алып, 13 жолу саткан. Расмий жарыяланган маалыматка ылайык, жыл ичинде 675,6 млн доллар сатылып, 369,8 млн доллар сатып алынган.
Жылдын биринчи жарымында – марттан июль айына чейин негизинен долларды сатып алып турган. Августтан декабрга чейин активдүү түрдө валюта сатуу менен чыгып келет.
Долларды эң көп сатуу ноябрь айында жүргүзүлүп, бир айда 223 млн доллар сатылган.
Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенцияларды жасап турат. (KbA)
Дагы караңыз
Приднестровьеде газ жоктугунан ишканалардын иши дээрлик токтоду Өкмөт январда 4,7 млрд сомдук облигация чыгаратКыргызстанда 169 мектепке жаңы директор дайындалдыУкраина: Орусия Курахово жана Шевченко багыттарында катуу чабуулга өттү