Коомдук жайда жүзүн жапкандар айыпка жыгылат. Парламент дин мыйзамын кабыл алды

Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Жогорку Кеңеште “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген.

Ага президент кол койсо, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.

17-декабрдагы коомдук угууда айрымдар долбоордогу үй кыдырып, үгүт айтууга тыюу салган сунушту алып коюуну өтүнгөн. Өкмөт өкүлдөрү мындай тыюу салуу сунушу бардык конфессияларга тиешелүү экенин билдирип келет.

Парламенттин 12-декабрдагы жыйынында биринчи окууда колдоо тапкан “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун 26-декабрда депутаттар экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Аны 88 депутаттын 76сы колдоду.

Айып пулду азайтуу сунушу

Баяндамачы Винера Раимбачаева буга байланыштуу 17-декабрда коомдук талкуу өтүп, үч депутаттан келген сунуштар комитеттин отурумунда такууланып, айрымдары колдоо тапканын билдирди. Депутат Дастан Бекешов документтеги "эгер адамдын кийими аны идентификациялоого мүмкүндүк бербесе, 20 миң сом айып пул салынышы керек" деп жазылган сунушту сындады. Ал буга чейинки талкууларда айып пулдун көлөмүн азайтуу керектигин айткан:

Дастан Бекешев

"Беш миң сом кылышы керек, урматтуу депутаттар, жада калса азайтыш керек. Себеби унааны мыйзамсыз караңгылатуу үчүн 20 миң сом айып пул дедик. Сойкулук - 20 миң, бейбаштык - 5,5 миң сом, ылдамдыкты саатына 60 чакырымдан ашырсаң - 15 миң айып пул. Ал эми жүзүн толук жапса - 20 миң сом айып пул. Бул эмне дегендик? Жөлөк пулду алсак, анын көлөмү араң эле 8 миң сом. Көбүнчө бетин жапкандар - аялдар жана жакыр жашагандар. Корутундуга мен киргизген сунушту колдоп берүүңүздөрдү суранат элем".

Бирок депутаттын бул сунушу колдоо тапкан жок. Мыйзам долбооруна кол коюлса, китепчелерди жана баракчаларды таратуу, диний багыттагы объектилерди кошпогондо, динди таңуулоо максатында үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов үймө-үй кыдырууну ар кандай секталар, экстремисттик топтор дагы пайдаланып жатканын, тыюу салуу сунушу бардык конфессияларга тиешелүү экенин 17-декабрдагы парламенттик угуулар учурунда айткан эле.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламент дин мыйзамын кабыл алды

Калк арасында түшүндүрүү иштери

Депутат Сүйүн Өмүрзаков каралган мыйзамдын арты менен даабатка тыюу салынбай турганын коомчулукка туура жеткирүү зарылдыгын, бул жаатта дин ишмерлери иш алып барышы керектигин айтты:

Сүйүн Өмүрзаков

"Акыркы күндөрү катуу талкууланып жатат, биз муну туура түшүнөбүз. Дин маселесин туура түшүнүп, президентибиз аалымдар, муфтият менен жолугушууларды өткөрдү. Негизги багыттарды айтты. Ханафий маскабын кармануу, радикалдуу күчтөргө каршы иштөө керек деди. Ал даабат токтобой турганын курултайда да айтты. Имамдарды колдоо керектигин белгилеп, айлыгы тууралуу да билдирди. Эми элди ызы-чуу кылбай туруп аалымдар кеңеши, муфтият элге чыгып даабат токтобой турганын, болгону анын ыкмасы өзгөрөрүн айтышы керек. Даабаттан эч ким зыян көргөн жок, ал көп адамдарды жакшылыкка чакырды. Бирок эми мамлекеттин кызыкчылыгы - элдин коопсуздугу корголушу керек. Эшик такылдаткан боюнча канча маселе жаралып атат, ИИМ азыр канча кылмыш катталганын айтып атат".

40 беренеден турган жаңы документте диний уюмдарды каттоого, үгүт ишин жүргүзүүгө, кийинүү маданиятына, саясий иштерге, билим берүүгө байланышкан өзгөртүүлөр бар. Аталган документ 30-августтан 29-сентябрга чейин коомдук талкууда турган. Бул аралыкта мамлекеттик жетекчилердин катышуусунда бир канча талкуулар өткөнү, анын ичинен президент Садыр Жапаров өзү да дин аалымдарын чогултуп, жыйындарды өткөрүп, алардын пикирлерин укканы айтылган.

17-декабрда бул мыйзам долбооруна байланыштуу парламентти угуулар учурунда Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) муфтийи Абдулазиз Закиров мыйзам долбоорундагы үй кыдырып, үгүт айтуу маселеси боюнча муфтияттын позициясын түшүндүргөн. Анда ал Кыргызстандагы диний жааматтар агартуу иштерин так жана маскабдын негизинде аткарганын айткан. Ал ошондой эле мезгил талабына ылайык бир тартипте иш алып баруу керектигин белгилеген:

Абдулазиз Закиров

“Даабат иштери боюнча коомчулукта кызуу талкуу болуп жатат. Кудай буюрса, мындан ары дагы үч күндүк, төрт ай, кырк күндүк даабат иштери уланат. Болгону ушул жерде кыдыруу маселесине келгенде беш тартип бар экен, анын ичинен жергиликтүү адамдардын үйлөрүн тыкылдатып кыдыруу маселесин эске алуу болуп жатат. Жолдо, көчөдө бул нерселер улана берет. Биздин тутунган динибизге башка тараптан сокку болуп жатат. Тактап айтканда, радикал көз караштагы, тыюу салынган 19 диний уюм болсо, ошолор ушундай ыкмаларды колдонуп, биздин ичибизге кирип келди”.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов бул долбоор боюнча кеңири талкуу жүрүп, бир дагы жамаат, бир дагы конфессия бул мыйзам долбоорун талкуулоодон четте калбаганын, жаңы мыйзам долбоору дин тутуу эркиндигин чектөөгө эмес, тескерисинче, аны жөнгө салууга, тартипке салууга багытталганын айткан. Мыйзам долбоорунун маанилүүлүгү үч жылдык мониторингден кийин аныкталганы буга чейинки талкууларда белгиленген.

“Диний чөйрөнү жөнгө салуу үчүн негизги мыйзам Кыргыз

Азамат Юсупов

Республикасынын "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамы болуп эсептелет. Бирок колдонуудагы мыйзам учурдун талаптарына жооп бербей, бул мыйзам менен жөнгө салынбай жаткан көптөгөн маселелер бүгүнкү күндө чечилбей, дин саясатынын натыйжалуу жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жаратууда. Мисалы, диний адабияттарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү тартиби, диний объектилердин баш аламан курулушу, диний билим берүү тармагын иретке келтирүү маселелери, чет өлкөгө диний билим алуу үчүн чыгып жаткан жарандар боюнча көйгөйлөр, диний китептердин көчөлөрдө, турак үйлөрдө, коомдук жайларда көзөмөлсүз таркатылуусу, ар кандай диний топтор тарабынан көзөмөлсүз, үймө-үй кыдырып, ар кандай диний ыкмалардын баалуулуктарын таңуулоо маселелери бар. Чет өлкөлүк миссионерлердин жана диний кайрымдуулук уюмдарынын ишмердигин иретке келтирүү керек. Ушундан улам диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жана өлкөдөгү диний кырдаалды мындан ары туура алып барууга укуктук негиз керек болгондуктан, диний мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл", - деген Юсупов.

Парламент колдогон бул долбоорго президент кол коюп, күчүнө киргенден кийин дагы беш мыйзамга өзгөртүү киргизилет.

Документке ылайык, эми диний негизде партияларды жана башка саясий уюмдарды түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек.

Ошондой эле адамдын кийими аны идентификациялоого мүмкүндүк бериши керектиги айтылат. Башкача айтканда адам өзүнүн ким экендиги таанылгандай кийиниши керек. Мындан улам коомдо никаб менен паранжы кийүүгө уруксат берилбейт.

ЖМКлар, интернет ресурстар, социалдык тармактар жана мобилдик тиркемелер аркылуу үгүттөө иштерин жүргүзгөн диний ишмерлер диний уюмдун борбордук башкаруу органдарында аккредитациядан жана ыйгарым укуктуу органда каттоодон өтүүгө тийиш экени жазылган.