Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:47

KFCдеги бейбаштыктын себеби эмнеде?


Интернетке тараган видеодон алынган скриншот.
Интернетке тараган видеодон алынган скриншот.

Бишкек шаарындагы KFC тамактануучу жайларынын бирине кирип барып, ызы-чуу чыгаргандар кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди. Өткөн аптада белгисиз кишилер аталган жайга кирип барып, ак матага оролгон манекенге кетчуп төгүп, "бойкот" деп кыйкырып ызы-чуу салган.

Интернетке тараган видео, тамактануу жайындагы бейбаштык

Окуя тууралуу тартылган видео интернетке жарыяланган, анда тамактануу жайларынын бирине кирип баргандар күзөт кызматкерлеринин талабына баш ийбей жатканын көрүүгө болот.

Ызы-чуу коомчулукка ушул видеодон улам белгилүү болуп, ар кыл пикирлерге жем таштады. Милиция видео тарагандан кийин маалымат берип, кылмыш иши козголгонун, 24-29 жаштардагы төрт шектүү кармалганын жарыялады.

"Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун тамактануучу жайларында азият улутундагы белгисиз адамдар коомдук жайда өзүн алып жүрүү эрежелерин одоно бузуп, “бойкот” деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп, күзөт кызматкерлеринин талабына баш ийбестен, коомдук жайга бүлүк салып, коомчулукка жат көрүнгөн аракеттерге барган. Интернет тармактарында өздөрүнүн аккаунттарына жарыялашкан", - деп айтылат Ички иштер министрлиги 21-октябрда тараткан маалыматта.

Кармалгандардын жакындары же адвокаттары окуя тууралуу комментарий бере элек.

ИИМдин маалыматына караганда, бул окуя 18-19-октябрда болгон.

Шектүүлөр Бишкектеги ГУМ жана "Аламүдүн Гранд" соода борборундагы KFC тез тамактануучу жайларына барып ызы-чуу салганы айтылууда.

Аталган жайлардын жетекчилиги окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

ИИМ шектүүлөр качан кармалганын, кайсы берене менен кылмыш иши козголгонун, алардын кадамына эмне себеп болгонун маалымдаган жок. Кармалгандардын бөгөт чарасы сотто карала электиги белгилүү болду.

Бирок бул көрүнүш социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары кармалгандар Газадагы мусулмандарга колдоо көрсөтүү үчүн ушундай кадамга барганын жазса, кээ бири муну катуу сынга алып жатышат.

Соцтармактагы жектөөлөр, түшүнбөстүк жана ээнбаштык

Буга чейин деле социалдык тармактарда бир катар дүйнөлүк бренддерди жектеп, сындаган пикирлер айтыла калып жүргөн.

Алар өндүргөн продукциялардан түшкөн акча "мусулмандарды жок кылууга, курал сатып алууга жумшалып жатканын" айтып, сатып албоону сунуштаган блогерлер, социалдык тармактардын колдонуучулары болгон.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев окуяны түшүнбөстүктүн арты менен жасалган ээнбаштык катары баалап жатат:

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

"Түшүнбөстүктөн келип чыккан маселе. Бул продукциянын акчасы бүт Израилге кетип жатат деген маалыматтар көп эле айтылып жүрөт. Анын кетип атканын далилдеш керек, мисалы, баланча банкка которулат, ал банктан бул жакка барат деп. Бирөөнүн айтканына ишенип, мындай ишти кылган мыйзамга туура келбейт. Алар Кыргызстанга келди, соодасын кылып атат, салыгын төлөп жатат. Бул эми ээнбаштык".

Kentucky Fried Chicken (KFC, же англисчеден которгондо "Кентукки ыкмасы менен куурулган тоок эти") - тоок этинен даярдалган тамактарды даярдаган эл аралык ресторандардын түйүнү. Коомдук тамактануу багытында иштейт. Компаниянын башкы кеңсеси АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында жайгашкан.

KFC — эл аралык деңгээлдеги соода айлануу боюнча McDonald's компаниясынан кийинки кеңири таралган кафелер түйүнү болуп саналат. 2019-жылдагы эсеп боюнча KFC бренди менен дүйнөнүн 134 мамлекетинде 820 миңдей киши жумуш менен камсыздалып, 15 миңден ашуун тамактануу жайы иштейт.

Компанияны америкалык ишкер жана ресторатор Харланд Сандерс 1934-жылы негиздеген. Компаниянын франчайзинг даремети жогору экенин байкаган Сандерс лицензиялык укукту Кентуккиден башка штаттарга сата баштаган.

Кыргызстанда алгачкы тамактануу жайы 2017-жылы ачылган. Бишкекте жана анын тегерегинде азыр 20дан ашык жай иштеп жатат. Андан жайдыр-кыштыр кардарлар үзүлбөйт.

"Бойкот деген Куранда да жок"

Дин таануучу Кадыр Маликов ислам дининде "бойкот" деген түшүнүк жок экенин, бирөөнүн мүлкүнө кол салуу туура эместигин айтты:

Кадыр Маликов
Кадыр Маликов

"Бойкот динде болот же болбойт деген жок. Куранда да жок. Жок болсо, демек өлкөнүн мыйзам чегинде адам өзү тандайт. Бирок ислам мыйзамдын бузулушун колдобойт. Калган иш аракеттерди, мисалы, бойкот же бул продукцияны сатып алба деген мыйзам чегинде жүргүзүлөт. Исламда дагы бирөөнүкүн бузууга, бүлүк салууга тыюу салынат. Мажбурлабай, чакырык кылсаң болот. Бирок мажбур кылып же боёк чачып, үркүтүп, коркутуп кылган болбойт".

Өткөн жылы Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясы бир нече жолу өткөн.

Анын катышуучулары Газага гуманитардык жардам жөнөтүү демилгесин көтөрүшкөн.

Милиция уюштуруучуларды коомдук тартипти сактоого чакырып, акцияны Дин иштери боюнча комиссия менен муфтияттын өкүлдөрү менен чогуу өткөрүүнү сунуштаган.

Жер ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан Газа тилкеси - Палестина менен Израилдин ортосундагы талаштуу аймак. 2023-жылы 7-октябрда АКШ менен Европа Биримдиги террордук деп сыпаттаган ХАМАС тобу Газа секторунан Израилге кол салып, бир күндө 1197 киши каза тапкан. 251 киши барымтага алынган. Кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон. Тель-Авив ошондон кийин Газадагы операцияларын баштаган.

Израил Газа секторунда ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” (АКШ террордук уюм деп тапкан) жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш жүрүп жаткан бир жылдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 42 миңден ашты, 98 миңдей киши жараат алды. Согушту токтотуу боюнча АКШ, Египет жана Катардын өкүлдөрү жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG