АКШдан рекорддук сандагы мигранттар депортацияланды

АКШнын чек арасына агылган мигранттар. Иллюстрация

АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы быйыл Жо Байдендин администрациясы акыркы 10 жылда болуп көрбөгөндөй сандагы мигранттарды депортациялаганын билдирди. Бул тууралуу «Америка добушу» радиосу кабарлады.

Мекеменин отчетуна ылайык, быйыл 270 минден ашуун киши 192 өлкөгө чыгарылды.

Мындай жылдык жогору көрсөткүч 2014-жылдан бери каттала элек болчу.

Кызмат муну дипломатиялык аракеттердин күчөтүлгөнү менен түшүндүрөт. Вашингтон акыркы кезде башка мамлекеттердин өкмөттөрүн депортацияланган жарандарын кабыл алууга көндүрө алды. Мисалы Африка жана Азиянын айрым өлкөлөрү АКШдан чыгарылгандарды мурда кабыл алчу эмес. Азыр ал жактарга көбүрөөк мигрант чыгарылган.

Маалыматка караганда, Дональд Трамптын тушунда, 2019-жылы 267 миң киши депортацияланган. Эми шайланган президент «мигранттарды депортациялоо боюнча массалык операция» жүргүзөрүн айтып келатат.

Pew изилдөө борборунун эсептерине караганда, АКШда 11 миллиондой мигрант мыйзамсыз жашайт.

Дагы караңыз

Орус генералынын өлүмүнө өзбек ашпоз шек саналууда. Мигранттарга кесепети кандай болот?Казакстандагы учак кырсыгы: 38 киши каза тапты, 29у ооруканада Баткенде кадрдык өзгөрүү: Алимбаев кандай иштеди?