Баткенде облус жетекчилигинин алмашуусу кыргыз-тажик чек арасы такталып бүткөнү кабарланган учурга туш келди. Бул облусту үч жыл жетектеген генерал Абдикарим Алимбаев буга чейин өзү иштеп кеткен Чек ара кызматынын жетекчилигине дайындалды.
Учурда бул орган УКМКнын курамында болуп, кызматтын жетекчиси атайын кызматтын жетекчисинин биринчи орун басары болуп да эсептелет. 51 жаштагы Алимбаев Баткенге жетекчи болуп 2021-жылдын апрелиндеги куралдуу кагылыштан кийин дайындалган. Чек арадагы куралдуу жаңжал кайталанган 2022-жылы дагы облусту жетектеп турду. Ошол жыл соңунда генерал-майор жогорку аскердик наамын алган.
24-декабрда аны жамаатка тааныштыруу учурунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев облусту оор учурда үч жыл башкарып турган мезгилинде Абдикарим Алимбаев жакшы иштерди аткарганын айтты:
“Облус жашоочуларынын башына оор күн түшүп, ызы-чуу түшүп, жаңжал күндөрдө ушул киши дайындалган. Ошол күндөн бери Абдыкарим Карыбекович өзүнүн жакшы иштерин жүргүзүп, облуста туруктуулукту камсыз кылып, эл менен болду. Калктын жашоо-турмушунун кайсы бир деңгээлде көтөрүлүшүнө ушул кишинин салымы чоң. Ошондуктан бул кишиге рахмат айтып коелу”.
Алимбаев аскер адам болгондуктан аймакта коопсуздук, чек ара маселелерине басым жасап, экономикалык – социалдык көйгөйлөр экинчи планда калып калды деген пикирлер коомчулукта айтылып жүргөн. Эркин журналист Нургазы Жайнаковдун пикирин угалы:
“Алимбаев облус башчысы катары үч жарым жыл аралыкта чек ара маселесине көбүрөөк басым жасады окшойт. Чек аралаш аймакта эки элдин ынтымагын бекемдөө, абалды туруктуу кармоого, жаңжалдардын кайталанбашына аракет кылды окшойт. Ал эми экономикалык жана социалдык жактан бир аз аксагандай болуп турат. Ошол эле 500 млн сомдун иштетилбей артка кетиши, кийинки жылдары ал казынадан атайы өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн ошол 500 млн сомдун натыйжалуу, кайтарымдуу болбой жатышын кемчилик деп айтсак болот. Мындан тышкары социалдык көйгөйлөрдүн көбү ачык бойдон калып турат, аткезчилик толук токтобой дагы деле катталып жатат”.
2021-2022-жылдардагы чек арадагы куралдуу кагылыштардан кийин Баткен облусун өнүктүрүү үчүн атайын иш-мерчемдер кабыл алынып, өкмөт жыл сайын казынадан 500 млн сомдон бөлүп турмай болгон.
Бир канча инвестициялык форумдар уюштурулуп, аймакта калктын жашоо-шартын жакшыртуу пландары бекитилген. 92 айылга чек арадагы өзгөчө айыл макамы берилип, бул айыл жашоочуларынын пенсиясына жана балдар үчүн жөлөк пулдарына кошумча миң сомдон кошулган.
Салыктан жана төлөмдөрдөн да жеңилдиктер каралган. Бирок бул жеңилдиктерден кийин да облуста ишкерлердин саны өсүп кеткен жок.
Деген менен Алимбаев дайындалгандагы негизги миссиясын аткарды, оор кырдаалда аймакты башкарып, абалды туруктуу кармоого аскер адамы катары аракет кылды деп эсептейт жергиликтүү серепчи Хаитали Айкынов.
“Алимбаев аскер кызматкери катары тандалып, Баткен облусун жетектөө үчүн келген. Ал киши өз учурундагы шартка, абалга жараша милдетин аткара алды. Ал учурда коопсуздук, чек ара - башкы маселе болчу. Кээ бирөөлөр айтат, "социалдык-экономикалык тармак аксады" деп. Бирок приоритеттеги маселеге басым жасалды. Кошуналар менен мамиле кылып, сүйлөшүп, иш-чарларды өткөрүп абалды туруктуу кармаганга болгон аракетин жумшады. Анан социалдык-экономикалык маселелердин баарын чечүүгө облус башчысынын ыйгарым укуктары да чектелүү, казынасы жок. Ошол жагын эске алганда бул киши өзүнө жүктөлгөн оор милдетти жакшы аткарды”.
Ал эми Баткенге жаңы дайындалган президенттин өкүлү Айбек Шаменов буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин антитеррордук борборунун директору болуп иштеп турган. Ал жөнүндө ачык булактарда көп деле маалымат жок.
Буга чейин бирин-экин парламенттеги терроризмге каршы жыйындарга катышканы менен гана журналисттердин эсинде калган.
Жаңы жетекчини облус активине тааныштырып жатып Ташиев Шаменов буга чейин атайын кызматтын Баткен облусу боюнча координатору болгонун, аймактагы абал менен жакындан тааныш экенин, ага социалдык-экономикалык жактан калктын турмушун ондоо маселеси коюлганын “Азаттыкка” билдирди.
“Азыркы күндө президентибиздин тапшырмасынын негизинде жаңы жетекчиге коюлган негизги милдеттердин бири - Баткен облусун социалдык жактан өнүктүрүү, инфраструктураны түзүү боюнча чоң тапшырмалар коюлду. Мен ойлойм, Айбек Асанович бул тапшырмаларды, милдетин аткарып, ишеничти актай алат”.
Эми Шаменовго кыргыз-тажик чек ара сызыгы такталган соң аны демаркациялоо маалындагы иштерди аткаруу милдети туш келиши мүмкүн.
Мунун алдында кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек ара тактоо маселеси аяктаганын билдирген. Узак жылдар түрдүү чыр-чатактарга себеп болуп келген чек ара маселесине чекит коюлса, чөлкөм үчүн чоң тарыхый окуя болот.
Баткен аймагы дүйнөдө калк жыш жайгашкан деп саналган аймактардын бири. Фергана өрөөнүндө жайгашып, Өзбекстан жана Тажистан менен чектешет.
Дубандын ички дүң өндүрүмүнүн 45% ашыгы айыл чарбасынан алынат. Тейлөө, курулуш, салык, туризм, инвестициялык жана негизги өндүрүш тармагы көп бөлүктү камсыздабайт.
Дүң өнүмдү камсыздайт деген ири өндүрүш ишканалары жок. Айдаркен сымап жана Кадамжай сурма комбинаттарын иштетүүгө бир нече инвестициялык сунуштар болуп, аракеттер жасалганы менен иштетилбей турат.
2021-жылы кабыл алынган “Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө” жарлыкка ылайык, облус жетекчилери президентке түз баш ийет. Облустагы ыйгарым укуктуу өкүл өзү жетектеген аймакта президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат. Атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарынын ишин тескейт.
Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелердин жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу боюнча сунуштарды киргизе алат.
Шерине